Кыргызстан 2025-жылы жайкы туризм үчүн Борбор Азиядагы эң кооз жана кызыктуу багыттардын бири катары өз ордун бекемдөөнү улантууда. Өлкөнүн табигый байлыгы, маданий мурастары жана экологиялык туризмге болгон көңүл буруусу чет элдик жана жергиликтүү туристтерди өзүнө тартууда. Быйылкы жайкы туризмге даярдыктар боюнча кандай алгылыктуу иштер жасалып жатканын “Кабар” маалымат агенттигине бүгүн Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин Укуктук камсыздоо жана маркетинг бөлүмүнүн башкы адиси Нургазы Тойчуев айтып берет.

Туристтердин агымы жылдан-жылдан өсүүдө
Туристтердин келүү агымынын көбөйүшү ар кандай факторлорго көз каранды. Бирок, акыркы жылдары туристтердин келүүсү жыл сайын өсүүдө. Мисалга алсак, 2022-жылы Кыргызстандын чек-ара өткөрмө пункттарынан өткөн чет өлкөлүк жарандардын саны 6 млн 912 557 адамды түзсө, 2023-жылы 8 млн 557 136 адамга жеткен. Ал эми 2024-жылы Чек-ара кызматынын маалыматы боюнча бул көрсөткүч 8 млн 856 453 адамды түздү.
Кыргызстандын аймагына келген чет элдик жарандардын саны боюнча жакынкы үч өлкө алдыңкы орундарды ээлейт. Алар, биринчи орунда Өзбекстан Республикасы (2024-жылы – 5 млн 427 461 адам келген), экинчи орунда Казакстан Республикасы (2024-жылы – 2 млн 471 311 адам келген) жана үчүнчү орунда Россия Федерациясы (2024-жылы – 496 654 адам келген). Алыскы чет өлкөлөрдөн келген жарандардын саны боюнча Кытай Эл Республикасы (2024-жылы – 127 956 адам), Түркия Республикасы (2024-жылы – 58 530 адам), Индия Республикасы (2024-жылы – 31 511 адам), Германия Федеративдик Республикасы (2024-жылы – 23 907 адам), Пакистан Ислам Республикасы (2024-жылы – 21 318 адам), Корея Республикасы (2024-жылы – 20 445 адам) жана Америка Кошмо Штаттары (2024-жылы – 18 141 адам) алдыңкы 10 өлкөлөрдүн катарына кирет. Эгерде баары стабилдүү болсо, быйыл туристтердин келиши 10-15%га өсүүсү мүмкүн.

Быйылкы туристтик сезонго карата туристтер үчүн мыкты шарттар түзүлдү
2025-жылдын жайкы туристтик мезгилин ийгиликтүү өткөрүү максатында Туризм департаменти тарабынан 2025-жылдын жайкы туристтик мезгилин уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планы иштелип чыгып, ал министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тарабынан бекитилип, тийиштүү министрлик жана ведомстволорго, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аткарууга берилген. Аталган иш-чаралар планында туризм тармагында маркетингдик иш-чараларды өткөрүү, коопсуздукту камсыз кылуу, инфратүзүмдү жакшыртуу жана башка маанилүү маселелер боюнча тапшырмалар каралган. Туристтердин келүүсүн жеңилдетүү, алардын коопсуздугун камсыз кылуу, жана Кыргызстандын туризм потенциалын чет өлкөлөргө даңазалоо боюнча тийиштүү иш-аракеттер көрүлүүдө. Мисалга алсак, өлкөгө 80ден ашык чет өлкөлөрдүн жарандары үчүн визасыз кирүү режими киргизилген, бир нече өлкөлөр менен түз авиакаттамдар ачылууда, жыл сайын жайкы мезгилге карата жакынкы өлкөлөр менен авиа, темир жол жана автобус каттамдары киргизилип турат.

Аймактарда туристтик инфраструктураны жакшыртуу иштери жасалууда
Туристтик инфратүзүмдү жакшыртуу, эс алуучулардын жана туристтердин жол жүрүүдөгүгү муктаждыктарын чечүү максатында Туризм департаменти тарабынан Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жардамы менен Дүйнөлүк банктын каражаты аркылуу Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында, Түп, Теплоключенка, Тосор жана Бөкөнбай айылдарында 5 туристтик тейлөө борборлорун куруу долбоору ишке ашты. Азыркы учурда Балыкчы шаарындагы, Түп жана Теплоключенка айылдарындагы туристтик тейлөө борборлору ишке киргизилип, туристтерге тийиштүү кызмат көрсөтүп келүүдө. Калган 2 туристтик тейлөө борбору 2025-жылдын май айынын аягына чейин ишке берилет. Бул борборлордо туристтерге маалымат берүү кызматы, даараткана, жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн продукциялары, сувенир дүкөнү, автобус жана унаа токтотуучу жайлар каралган.

Ошондой эле, “Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ачык акционердик коому тарабынан туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында аймактарда эс алуу точкалары Rest Point курулууда. Бул эс жерлерде даараткана, электр унааларын заряддоо станциялары, сувенир дүкөндөрү камтылган. Ошондой эле, 2025-жылдын аягына чейин мамлекет тарабынан Кыргызстандын аймактарында 40 туристтик объектини ачуу пландаштырылууда. Андан тышкары, мамлекет тарабынан Ысык-Ата курорту, Жыргалаң санаторийи, Ала-Арча паркы сыяктуу туристтик объектилердин инфратүзүмдөрү оңдолуп, жаңы багытта иштөө мүмкүнчүлүктөрү түзүлүүдө. Ошону менен бирге, Үч-Чоку, Байтик резорт жана Чаткал резорт сыяктуу жыл бою туристтерди кабыл алуучу чоң курорттук комплекстерин куруу долбоорлорун ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Жаңы туристтик жайлар ачылууда
Туристтердин каалоосуна жараша Кыргызстандын ар бир аймагындагы эс алуу жайларына барып эс алууга мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө. Алардын жеткиликтүүлүк маселесин чечүү максатында аймактык жолдор курулуп, жаңыланып баштады. Андан тышкары, өлкөдө туризм тармагында иш-алып барсам деген жарандардын саны көбөйүүдө. Мисалы, мамлекеттик ири долбоорлорду албаганда, аймактарда жеке ишкерлер тарабынан капсулдук жана афрейм үйлөрү Ысык-Көл облусундагы “Роял-Гейт” глэмпинги, Чоң-Кемин айылындагы “Ала-Куш” боз үй глэмпинги боз үй шаарчалары, этно конок үйлөрү салынып баштады. Бул туризм тармагынын өнүгүп жаткандыгын жана жарандар арасында туризмдин пайдасы тууралуу маалымат пайда боло баштагандыгын билдирет. Мындай туристтик объектилердин курулушу туристтик инфратүзүмдүн, кызмат көрсөтүү сапатынын жана анын туристтик продукциялардын түрлөрүнүн өсүшүнө жакшы өбөлгө түзөт.

Өлкөнүн жаратылышы чет элдик туристтер арасында кызыгуу жаратууда
Кыргызстандын ар бир аймагы өзгөчөлүккө ээ жана ал өзгөчөлүктөрдүн негизинде туризмди өнүктүрүү керек экендиги талашсыз. Кыргызстанга келген туристтер кыргыздын тоолоруна, жаратылышына, маданияты, каада-салты, улуттук тамак-ашы жана башка өзгөчөлүктөрүнө көп кызыгышат. Бирок чет өлкөлөрдөн келген туристтердин басымдуу бөлүгү Ысык-Көл, Соң-Көл, Таш-Рабат, Чүй облусундагы эс алуу жайлары, Ала-Арча паркы, Кегети, Аламедин капчыгайларына, Сулайман-Тоо, Сары-Челек жана башка көптөгөн жаратылыш жана маданий жайларга барышат.

Туристтердин өлкөсүнө жараша да эс алуу каалоолору ар кандай багыттар боюнча басымдуулук кылып турат. Мисалы, жакынкы өлкөлөрдөн келген туристтер көбүнчөсү Ысык-Көлгө эс алууга келишсе, Араб өлкөлөрүнөн келген туристтер тоолордо жана жайлоолордо эс алууну каалашат, ал эми Европа өлкөлөрүнөн келген туристтер тоолорду, жайлоолорду ошону менен катар тарыхый жайларды көрүп келүүнү каалашат.

Туризм жаатындагы кадрларды даярдоо жана окутуу маселеси
Кыргызстанда туризм чөйрөсүндө кесипкөй кадрларды даярдоо бул мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат.
Азыркы учурда Кыргызстандын билим берүү рыногунда туризм багыты боюнча Туризм академиясы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университети, Адам университети жана башка билим берүү мекемелери иштеп келет. Бирок ошого карабай өлкөбүздүн туризм тармагын өнүктүрүүдө көйгөйлүү маселелердин бири бул кадр маселеси курч бойдон калууда. Атап айтканда, студенттердин билим деңгээлинин жогору эместиги, теориялык жактан билим алса да бирок практикалык жактан аз тажрыйба алуулары, бүтүрүүчүнүн иш менен камсыз болуусу сыяктуу маселелер бар. Ошону менен бирге туристтик кесипке ээ болгон студент туристтик мезгилден улам өз ишин таштап, башка тармактарга же башка өлкөлөргө иш которууга мажбур болгон маселе да кездешет. Бул багытта акыркы жылдары бир катар аракеттер жүргүзүлүүдө.

Мисалы, кесиптик билим берүү системасында теория менен бирге практикага басым жасалууда. Студенттер мейманканаларда, туристтик агенттиктерде же туризм боюнча мамлекеттик мекемелерде практика өтүп, иш-жүзүндө тажрыйба алуу мүмкүнчүлүктөрү түзүлүүдө. Ошондой эле, мамлекеттик же эл аралык долбоорлордун алкагында экскурсовод, гиддерди даярдоо программалары уюштурулуп турат. Андан тышкары, бүтүрүүчү студенттерди жумуш орундары менен камсыз кылуу максатында туризм боюнча мамлекеттик орган, жергиликтүү ишкерлер жана туристтик фирмалар менен билим берүү мекемелеринин ортосунда кызматташтык жолго салынууда.