"Жомок" каньонунан Соң-Көлгө чейин: Туристтер үчүн жаңы маалыматтык такталар орнотулду

Туризм 8 июнь 2026 16:05
"Жомок" каньонунан Соң-Көлгө чейин: Туристтер үчүн жаңы маалыматтык такталар орнотулду

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Өлкөдө @2gis.kg менен биргеликте туристтердин коопсуздугу жана ыңгайлуу навигациясы үчүн атайын маалыматтык такталар орнотулду. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы такталар “Жомок” каньонунда, Соң-Көлдүн жээгинде жана өлкөнүн башка бир катар популярдуу туристтик локацияларында пайда болду.

Алар саякатчыларга багытты туура табууга жана аймактар тууралуу керектүү маалыматты алууга жардам берет.