Кыргыз–Санкт-Петербург өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын XIII жыйыны өттү

Министрлер кабинети Жүктөлүүдө... 11 Апрель 2025 20:30
67f916e66d926-thumb.jpeg
67f916e7be2f3-thumb.jpeg
67f916e9d946e-thumb.jpeg
67f916e66d926-thumb.jpeg
67f916e521abb-thumb.jpeg
67f916e672b27-thumb.jpeg
67f916e898a39-thumb.jpeg
67f916e884959-thumb.jpeg
67f916eb5bbb4-thumb.jpeg
67f916eb308d1-thumb.jpeg
67f916ebae55d-thumb.jpeg
67f916ec28705-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
67f916e66d926-thumb.jpeg
67f916e7be2f3-thumb.jpeg
67f916e9d946e-thumb.jpeg
67f916e66d926-thumb.jpeg
67f916e521abb-thumb.jpeg
67f916e672b27-thumb.jpeg
67f916e898a39-thumb.jpeg
67f916e884959-thumb.jpeg
67f916eb5bbb4-thumb.jpeg
67f916eb308d1-thumb.jpeg
67f916ebae55d-thumb.jpeg
67f916ec28705-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.04.25. /Кабар/. Санкт-Петербург шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Кыргыз–Санкт-Петербург өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын XIII жыйыны өткөрүлдү. 

Жолугушуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жана Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасы, Санкт-Петербург шаарынын өкмөтүнүн мүчөсү Евгений Григорьевдин биргелешкен төрагалыгы алдында өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана тиешелүү ведомстволорунун, Санкт-Петербург шаарынын мамлекеттик бийлигинин аткаруу органдарынын өкүлдөрү катышты. 

Тараптар Кыргыз-Санкт-Петербург соода, билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо, маданият, туризм, миграция, экология, санариптик трансформация жана шаардык инфраструктура чөйрөлөрүндө кызматташуу маселелерин сүйлөштү. Ошондой эле, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата биргелешкен иш-чараларды даярдоого көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды аныктаган жыйынтыктоочу протоколго кол коюлду.

Тараптар Комиссиянын он төртүнчү отурумун 2026-жылы Кыргызстандын аймагында өткөрүүнү макулдашты.