Бишкек, 16.09.26 /Кабар/. Бишкекте Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын жаңы фармацевтикалык кампа-логистикалык комплексинин пайдубалына капсула салуу аземи өттү.
Капсуланы министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев салып, ошондой эле ага саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жана "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын директору Акылбек Туратбек уулу катышты.
Дамир Осмоновдун айтымында, буга чейин "Кыргызфармациянын" өзүнүн кампасы болгон эмес. Ошондуктан ишкана талапка жооп бербеген жайларды ижарага алып пайдаланууга аргасыз болуп келген.
"Бул кампа Кыргызстан үчүн абдан зарыл болчу. Азыр долбоорду аяктап, кампаны GDP эл аралык стандарттарына ылайык курууну баштап жатабыз. Бул дары-дармектерди талаптагыдай шартта, кадимки температурадан тартып минус 80 градуска чейинки муздак режимде сактоого мүмкүнчүлүк берет. Демек, кампада дары-дармектердин бардык түрүн сактай алабыз", — деди ал.
Министр белгилегендей, GDP стандартына жооп берген кампа ири фармацевтикалык компаниялар менен кызматташууда да маанилүү.
"Ири фармацевтикалык компаниялар дары-дармектерди сатуудан мурда сөзсүз түрдө GDP стандартына жооп берген кампаны талап кылышат. Мындай кампа болбосо, алар менен кызматташуу кыйын. Эл аралык сертификаттары бар дүйнөлүк компаниялардын дарылары Кыргызстанда жеткиликтүү болушу биз үчүн абдан маанилүү. Эми кампаны кургандан кийин дүйнөдөгү каалаган фармацевтикалык компания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, келишим түзүүгө толук мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деди Дамир Осмонов.
Ал мындай кампа болбогондуктан АКШ жана Европа өлкөлөрүнөн айрым дары-дармектерди Кыргызстанга алып келүүдө кыйынчылыктар болгонун кошумчалады.
"Эми дары-дармектерди сатып алып, компаниялар менен сүйлөшүп, кыйла ыңгайлуу баада алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мисалы, Pfizer компаниясы Кыргызстанды Accord тобуна кошуп, анын айрым дарыларын төмөн баада сатып алууга мүмкүнчүлүк берди. Мындай жолдор башка компанияларга да ачылат", — деди министр.
Ал ошондой эле бир нече жыл мурда кыргыз рыногунан кеткен Sanofi компаниясы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.
"Биз Sanofi компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Алар дары-дармектерин Кыргызстанда кайра сата башташат. Бир нече жыл мурда биздин рыноктон чыгып кетишкен, бирок азыр сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк жана продукциясын кайра сата башташат", — деди.
Министр кампаны куруу иштерин беш айдын ичинде бүткөрүү пландалып жатканын белгиледи. Долбоордун жалпы наркы 650 млн сомду түзөт.
"Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын директору Акылбек Туратбек уулунун айтымында, Кыргызстанда мындай үлгүдөгү кампа биринчи жолу курулат.
"Бул Кыргызстандагы алгачкы мындай кампа болот. Долбоордо дары-дармектерди, анын ичинде баңгизат каражаттарын талапка ылайык сактоо боюнча бардык негизги шарттар каралган. Ошондой эле муздак чынжыр системасы жана тоңдуруучу камералар болот. Мындан тышкары, административдик блок, техникалык тейлөө станциясы жана 10 чоң жүк ташуучу унаага ылайыкталган гараждар курулат", — деди ал.
Анын айтымында, кампаны долбоорлоодо керектүү инженердик инфраструктуранын баары эске алынган.
"Өзүнүн суу мунарасы, өрт коопсуздугу системасы, отканасы болот. GDP стандарты боюнча дары-дармектерди сактоо чынжыры үзгүлтүккө учурабашы керек. Мисалы, электр жарыгы өчсө, газ менен иштеген система, газ болбой калса генератор иштейт. Генератордо көйгөй жаралса, экинчи генератор каралган. Мунун баары дары-дармектерди үзгүлтүксүз сактоону камсыз кылат", — деп түшүндүрдү Акылбек Туратбек уулу.
Ошондой эле ал "Кыргызфармация" 2027-жылга керектүү дары-дармектерди алдын ала сатып алууну биринчи жолу баштаганын билдирди.
"Быйыл “Кыргызфармация” биринчи жолу 2027-жылга керектүү дары-дармектерди алдын ала сатып алууга киришти. Буга чейин жаңы жылды күтүп, бюджеттен каражат бөлүнгөндөн кийин гана дарыларга буйрутма берилип, сатып алуу иштери башталчу. Бул жолу октябрь айында эле конкреттүү келишимдерди түзүүнү пландап жатабыз", — деди ал.
Анын айтымында, дары жеткирүүчүлөр менен жеткирүү шарттары, препараттардын жарактуулук мөөнөтү жана жеткирүү мөөнөттөрү боюнча алдын ала сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Октябрь айында 2027-жылга карата келишимдерди түзүү башталат.