«Кыргызалтындын» төрагасы россиялык ишкерлер менен тоо-кен жабдууларынын өндүрүшүн талкуулады

Коом 859 06 Март 2025 09:25
decarbonizzazione-industria-mineraria.webp
481696036_1217924810338901_5221201924303302179_n.jpg
481666324_1217925493672166_8723999715853971867_n.jpg
481949659_1217925213672194_7609741559702523701_n.jpg
482248108_1217925090338873_5389544549179423124_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon «Кыргызалтын» ААКы

Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. «Кыргызалтын» ААКсынын төрагасы Кубат Абдраимов Россия Федерациясынын Свердлов облусунун бизнес миссиясынын катышуучулары менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, иш чаранын жүрүшүндө россиялык компаниялардын өкүлдөрү металлургия жана тоо-кен өнөр жайына керектүү түрдүү жабдууларды жана материалдарды өндүрүү жагынан алардын өндүрүшү тууралуу маалымат беришти.

Ошондой эле «Кыргызалтын» ААКтын жетекчиси Кубат Абдраимов Россиянын биринчи президенти Б.Н. Ельциндин атындагы УрФУнун мамлекеттик жогорку окуу жайынын эл аралык байланыштар боюнча проректору Сергей Тушин менен тоо-кен тармагындагы кадрларды даярдоо, тажрыйба алмашуу жана тоо-кен тармагында квалификациясын жогорулатуу боюнча суроолорду талкуулады.

Жолугушуунун жыйынтыгында «Кыргызалтын» ААКнын жетекчиси Кубат Абдраимов мындан аркы өз ара пайдалуу жана жемиштүү кызматташууга даяр экендигин билдирди.