Ташкент, 18.06.25. /Кабар/. 18-июндан тарта Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы үч көзөмөл-өткөрмө пункту 24 сааттык иш тартибине өтөт. Бул тууралуу Фергана облусунун акимиятынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Водил-Кадамжойа» чек ара-бажы пункту, Шахимардан айылындагы «Оккия-Аккыя» бажы пункту жана «Сох» өткөрмө постунда жайгашкан «Чашма-Чечме» көзөмөл пункту күнү-түнү үзгүлтүксүз иштеп баштайт.
Бул чара жарандардын өтүүсүн жеңилдетүүгө жана эки өлкөнүн чек арасындагы өткөрмө пункттарда кезек күтүү көйгөйүн азайтууга багытталганганы айтылат.