Кыргыз-венгер өнөктөштүгү: Стратегиялык кызматташтык жаңы деңгээлге чыгууда

Саясат 24 сентябрь 2026 11:05
6f00ec34-2942-343f-93e4-78d01f318330.jpg
64da35ce-77d4-3305-813a-caa700b005c7.jpg
daf5c28e-f2c9-3cea-84fb-543221d21cdd.jpg
9abc4334-0455-32c4-a38e-804259e88d27.jpg
Алдыга
Артка
6f00ec34-2942-343f-93e4-78d01f318330.jpg
64da35ce-77d4-3305-813a-caa700b005c7.jpg
daf5c28e-f2c9-3cea-84fb-543221d21cdd.jpg
9abc4334-0455-32c4-a38e-804259e88d27.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Венгриянын вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Анита Орбан менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуу күн мурун Нью-Йорк шаарында БУУ Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында орун алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жээнбек Кулубаев Анита Орбанды Венгриянын тышкы иштер министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, бул жооптуу ишмердигинде ийгиликтерди каалады.

Тараптар кыргыз-венгер стратегиялык кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө ырааттуу өнүгүп жаткандыгын канааттануу менен белгилеп, аны мындан ары тереңдетүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Жээнбек Кулубаев Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун эки тараптуу инвестициялык байланыштарды чыңдоодогу жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүдөгү маанилүү ролун өзгөчө белгиледи.

Маектештер БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле санкциялык маселелер боюнча кызматташуу жана биргелешкен иш алып баруу тууралуу пикир алмашышты.

Жолугушуунун соңунда Жээнбек Кулубаев венгер тарапты 2027-жылы Кыргызстанда өтө турган "Бишкек+25" экинчи Глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.