Кыргыз улуттук драма театры: 100 жылдык тарых жана бүгүнкү өнүгүү жолу

Маданият Загрузка... 22 Апрель 2026 18:15
473161549_1687404168474710_717209970614286906_n.jpg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Быйыл Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын, жалпы кыргыз театрынын түптөлүшүнө 100 жыл толду. Бул дата кыргыз маданияты үчүн өзгөчө мааниге ээ болуп, улуттук сахна өнөрүнүн калыптанышы жана өнүгүшү менен тыгыз байланышкан тарыхый окуя катары белгиленет.

Кыргыз театрынын тарыхы XIX кылымдын аягында башталып, XX кылымдын башында өнүгө баштаган. Алгачкы пьесалар улуттук фольклордон жана эпостордон алынган. 1920-1930-жылдарда Бишкек жана Ош шаарларында театр ансамблдери уюштурулуп, сахна кыргыз маданиятынын маанилүү бөлүгүнө айланган.

Ал эми профессионалдык театр Октябрь революциясынан кийин калыптанган. 1926-жылы Фрунзе шаарында музыкалуу-драмалык студия уюштурулуп, анын сахнасында алгач ирет Молдогазы Токобаевдин “Кайгылуу Какей” спектакли коюлган. Театрды уюштуруу ишине россиялык режиссёр Николай Еленин чакырылып, ал таланттуу жаштарды тандап алып, дал ошол студиянын негизин түптөгөн.

Ошол мезгилдеги алгачкы артисттер - Аманкул Куттубаев, Анвар Куттубаева, Ашыралы Боталиев, Касымалы Жантөшев, Абдылас Малдыбаев, Өмүркул Жетикашкаев, Абылгазы Айбашев, Алжан Сарыбагышев жана Шамшы Түмөнбаев болгон.

Ушул муун кыргыз театрынын пайдубалын түзсө, кийинки муунда - Бакен Кыдыкеева, Муратбек Рыскулов, Даркүл Күйүкова, Советбек Жумадылов, Гүлшара Дулатова, Сабира Күмүшалиева, Таттыбүбү Турсунбаева, Имаш Эшимбеков, Гүлсара Ажыбекова ж.б.

Андан сырткары, Мамат Рыскулов, Жалил Абдыкадыров, Медербек Назаралиев, Бообек Ибраев, Офелия Еркимбаева, Искендер Рыскулов жана Алмаз Сарлыкбековдун эмгегинен бир катар көрүнүктүү спектаклдер жаралган.

1930-1940-жылдары кыргыз театры активдүү өнүгүп, жаңы багыттар пайда болгон. Опера жана балет театры, орус драма театры, жаш көрүүчүлөр театры ачылып, улуттук спектаклдер сахналаштырылат. Алгачкы белгилүү чыгармалардын катарына “Алтын кыз”, “Ажал ордуна”, “Айчүрөк” сыяктуу спектаклдер кирет.

Кыргыз театры советтик жана постсоветтик доорлорду басып өттү. Совет мезгилинде театр ошол доордун идеологиясына ылайык иш алып барып, коомдук-саясий темаларды чагылдырган. Ал эми эгемендүүлүктөн кийин театр жаңы шарттарга ыңгайлашып, чыгармачылык эркиндикке чыгып, улуттук баалуулуктарды жана заманбап темаларды кеңири чагылдыра баштады.

Театрлардын көч башы - Кыргыз драма театры элдин руханий дүйнөсүн, турмушун жана тарыхын сахна аркылуу чагылдырган алгачкы профессионалдык маданий мекемелердин бири болуп эсептелет. 1970-жылы ал “академиялык” деген статус алып, азыркы имараты берилген. 1997-жылы драматург Токтоболот Абдумомуновдун аты берилип, 2000-жылы улуттук деген макам ыйгарылган.

Дүйшөн Байдөбөтов, Марат Алышпаев, Муканбет Токтобаев, Нуркан Турсунбаев, Чоро Думанаев, Гүлайым Каниметова, Анара Сыдыгалиева, Анара Назаркулова, Калича Сейдалиева, Тилек Жумагазиев, Тынара Абдыразаева, Сайра Мырзалиева жана Эгемберди Бекболиев кыргыз драма театрынын өнүгүшүнө зор салым кошкон залкар сахна чеберлери болуп эсептелет.

Маданий мекеменин директору Асылбек Өзүбеков “Кабар” агенттигине билдиргендей, учурда театр өз ишмердүүлүгүн жигердүү улантууда.

“Бүгүнкү күндө көрүүчүлөрүбүздү кайрадан кайтардык. Учурда спектаклдер аншлаг менен өтүп, көрүүчүлөрдүн саны туруктуу өсүүдө. 2019-жылы мамлекет тарабынан ири каражат бөлүнүп, театр имараты толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ички-сырткы көрүнүшү толук жаңыланды,”-деп билдирди ал.

Директор ошондой эле театрдын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүнө, техникалык жана материалдык базасына, ошондой эле мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоого да кеңири токтолду.

“Жыл сайын театр 5-6 жаңы спектакль даярдап, репертуарын кеңейтүүдө. Ошондой эле чыгармачылык жамаат аймактарды кыдырууга өзгөчө көңүл буруп, көрүүчүлөр менен жакын иштешүүгө аракет кылып келет. Бул багытта Маданият министрлиги тарабынан колдоо көрсөтүлүп, былтыркы жылдары театр Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарына гастролдоп барган. Ал эми Талас облусуна быйыл, 18-22-май күндөрү барып, чоң спектаклдерди күнүнө эки-үч жолудан коюу пландалууда.
Андан сырткары, 100 жылдык мааракеге карата кеңири масштабдагы иш-чаралар даярдалууда. Анын алкагында Манас темасына арналган ири сахналык чыгарма коюу пландалып жатат. Анда эпостун өзү гана эмес, 1930-40-жылдары коомдо кандай кабыл алынганы да көркөм чагылдырылмакчы. Бул долбоор драматург Кулманбетов жана Россияда иштеп жаткан режиссёр Улан Баялиев менен биргеликте ишке ашырылып жатат. Учурда режиссёр чыгарманын үстүндө бир айдан бери иш алып барууда.
100 жылдык маараке ноябрь айында салтанаттуу түрдө белгиленет. Ага чейин өлкөдөгү бардык театрларды бириктирген чоң фестиваль өткөрүүнү пландап жатабыз.
Баса белгилей кетчү нерсе, акыркы жылдары мамлекет жана Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан театрга туруктуу колдоо көрсөтүлүп келүүдө. Апрель айында кызматкерлердин айлык маянасы жогорулашы күтүлүп жатат. Ошондой эле театрдын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында администрацияга жеңил унаалар, ал эми чыгармачыл жамаатка гастролдук сапарлар үчүн автобустар берилген. Былтыр 30 млн сом каражат бөлүнүп, жарык берүү жана үн күчөткүч жабдуулар толугу менен жаңыртылган. Минтип мамлекет бардык тарабынан колдоп жатса, биз иштешибиз гана керек болуп турат”,-деп белгиледи ал.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн жылы театралдык оюн-зоок мекемелери тарабынан жалпы 1 млн 454 миң 560 көрүүчү тейленип, жалпы коймолордун саны 3 миң 530ду түзгөн. Анын ичинен 78и - жаңы спектаклдер болгон.

Акыркы жылдары театр көрөрмандары көбөйүп, спектаклдер аншлаг менен өтүүдө. Ал тургай сатыкта билеттер калбай калууда. Аталган театрда акыркы коюлган “Атанын тагдыры” чыгармасы элдин суранычы менен экинчи ирет көрсөтүлдү. Ошондой эле мындай көрүнүштөргө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын жаңы жанры – “Раймалы менен Бегимай”, “Жамиля” жана “Сүймөнкул” мюзиклдерди далил болууда.