Кыргыз-түрк достугу ооруканасын биргелешип башкаруу мөөнөтү узартылды

Президент Загрузка... 03 Апрель 2025 22:33
photo_2023-08-30_12-40-08-1200x630-1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосундагы Реджеп Тайып Эрдоган атындагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын биргелешип башкаруу, ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркияда билим алуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 12-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Макулдашууда OSYM (Студенттерди тандоо жана ишке орноштуруу борбору) бөлүштүрүлгөндөн кийин Түркияда жылына 20 дарыгерди медициналык адистештирүү боюнча даярдоону камсыз кылуу, ошондой эле Кыргызстанда дарыгерлерди жана медициналык адистерди даярдоо үчүн окуу программаларын өркүндөтүүнү колдоо каралган.

Макулдашуунун шарттарына ылайык, оорукананы биргелешип пайдалануу 5 жылга узартылат жана ар бир 5 жылда түрк тарабынан 32 000 000 АКШ доллары өлчөмүндө кошумча бюджет бөлүнөт.