Кыргыз-тажик чек арасында жер титиреди

Кырсык Загрузка... 29 Апрель 2026 11:45
686356839_945157954.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Сейсмология институту

Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. Бүгүн, 29-апрелге караган түнү саат 02:22де кыргыз-тажик чек арасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында жайгашып, анын күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөөнүн очогу Баткен облусундагы Кара-Тейит айылынан түштүк-батышка карай 20 чакырым жана Баткен облусунан түштүк-чыгышка карай 110 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Кара-Тейит жана Чоң-Алай районунун Карамык айылында 2,5 баллга чейин сезилген.