Кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иштери башталды

Аймак 2188 29 Апрель 2025 12:55
494480339_1221277316032388_4386684535327794842_n.jpg
494480207_1221277392699047_6477535209479889055_n.jpg
494546558_1221277389365714_1927130783614559528_n.jpg
494678155_1221277319365721_9031424167980169184_n.jpg
494481985_1221277232699063_2139354105127474202_n.jpg
494155606_1221277229365730_3756236731643083100_n.jpg
494158981_1221277296032390_884554877705049192_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 29.04.25. /Кабар/. Бүгүн 29-апрелде Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнүн чектешкен жериндеги Стелла аймагында, тагыраагы Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Кошмоло жерлигинде, кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иштери башталды.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК Төрагасы Камчыбек Ташиев, демаркация иштерин баштоого онлайн форматта катышып, старт берди.

Иш чарага жеринен УКМК төрагасынын биринчи орун басары, Мамлекеттик чек ара кызматынын директору Абдикарим Алимбаев, министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назырбек Бөрүбаев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жана чек арачылар катышты.

Чек араны тосуу иштеринин жүрүшү үчүн аталган аймакка атайын талаа шаарчасы курулуп,чек арачылар үчүн шарттар түзүлгөн. Атайын техникалар алынып келинген.

Алдыда биринчи этапта 420км аралыкта кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасына зым тартылат.Бул иш аракеттер жыл аягына чейин бүткөрүү пландалган.

Белгилей кетсек,буга чейин кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо иштери аяктап, 2025-жылдын 13-мартында Бишкекте эки өлкө башчылары чек ара боюнча келишимге кол койгон.