Бишкек, 21.11.25 /Кабар/. Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагынын учурдагы абалын өнөкөт ооруга салыштырам. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев “Кабар” маалымат агенттигинин “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, медицина системасы көп жылдан бери терең кризисте болуп келген. Бирок, бул абалдан чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.
“Дүйнөдө саламаттык сактоо системасы оорубаган өлкө жокко эсе. Ар бир мамлекет бул тармакты заманбап шарттарга ылайыкташы керек. 5 же 10 жылдык план менен өнүгүп, анан токтоп калуу мүмкүн эмес. Биз өнөкөт ооруларды кандай көзөмөлдөсөк, саламаттык сактоо системасын да көзөмөл менен өнүктүрүшүбүз керек. Кыргыз медицинасын өнөкөт оорудан толугу менен айыктырууга болот”,- деди министр.
Ал белгилегендей, учурда тармактын бюджетинин 95 пайызы ооруп калгандарды дарылоого жумшалат.
“Ал эми алдын алуу иштери экинчи планда калып калган. Эгер ресурстарды алдын алуу чараларына багыттасак, анда оорулардын саны азайып, дени сак жарандардын саны көбөйөт. Биздин максат - адамдардын жашоосунун узактыгын гана эмес, ден соолукта узак жашоосун камсыз кылуу”,- деп кошумчалады Чечейбаев.