Кыргыз маданиятынын келечеги: Жаңы мамлекеттик программа бекитилди

Министрлер кабинети Загрузка... 24 Февраль 2026 15:25
540678418_3537957519680755_6131912862133642609_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 24.02.26 /Кабар/. Кыргызстанда 2026–2030-жылдарга маданият жана искусство тармагын өнүктүрүү программасы бекитилди. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документ президенттин «Маданият, искусство жана спорт тармагын мамлекеттик колдоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Документке ылайык, Кыргыз Республикасында 2026–2030-жылдарга маданият жана искусство тармагын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы, Кыргыз Республикасында 2026–2030-жылдарга маданият жана искусство тармагын өнүктүрүү программасынын бюджети, Кыргыз Республикасында 2026–2030-жылдарга маданият жана искусство тармагын өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун мониторинг жана баалоо индикаторлорунун матрицасы да бекитилген.

Кыргыз Республикасында 2026–2030-жылдарга маданият жана искусство тармагын өнүктүрүү программасы 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасында маданият жана искусство тармагын өнүктүрүүнүн негизги максаттарын, милдеттерин жана артыкчылыктуу багыттарын аныктайт. Программанын максаттары болуп жарандардын маданий баалуулуктарга жана чыгармачылык менен өзүн-өзү ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, жарандык өздүктү калыптандыруу жана өнүктүрүү, ошондой эле маданияттын социалдык өзгөрүүлөрдүн жана республиканын экономикалык өнүгүү процесстерине тийгизген таасирин күчөтүү саналат.

Программа ошондой эле региондор аралык маданий байланыштарды чыңдоого, маданий демилгелерди интеграциялоого көмөктөшүүгө жана жарандардын республиканын маданий турмушуна активдүү катышуусу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. Программа 6 артыкчылыктуу багыт боюнча 30га жакын иш-чараны камтыйт.

Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын жетекчилерине иш-чаралар планын өз убагында жана так аткарууну камсыз кылуу тапшырылды.