Кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркечтам” пункту күнү-түнү иштөө режимине өттү

Министрлер кабинети 16 июнь 2025 10:35
Кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркечтам” пункту күнү-түнү иштөө режимине өттү

Бишкек, 16.06.25. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан тарта кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Эркечтам” өткөрүү пункту пилоттук долбоордун алкагында жүктөрдү каттоо үчүн күнү-түнү иштөө (24/7) режимине өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, бул чара логистикалык процесстерди тездетүүгө жана чек аранын бул тилкесинде жүк агымын көбөйтүүгө багытталган.