Ысык-Көл, 03.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан кыргыз күрөшүндө үч салмак категориясы боюнча кыргызстандык үч балбан ат салышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргыз күрөшүнүн башкы машыктыруучусу Туратбек Тойчубеков билдирди.
Анын айтымында, учурда мелдешке 44 мамлекеттен 92 спортчу катышууда. Кыргызстандан үч салмак категориясы боюнча үч балбан ат салышат.
“Атап айтканда, 60 кг салмакта Төлөбай Шүкүров, 84 кг салмакта Азизхан Мустабек уулу жана абсолюттук салмакта Бактияр Мирлан уулу күч сынашат” – деп билдирди ал.
Белгилей кетсек, кыргыз күрөшү бүгүнкү мелдештер менен жыйынтыкталат.
Эскертке кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.
"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.