Бишкек, 18.06.25./Кабар/. Кыргызстандын кыргыз күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү дүйнө чемпионатына катышат.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш Татарстандын Казань шаарында 20-23-июнь күндөрү өтөт.
Курама команданын тизмеси:
Эркектер арасында:
- 60 кг Толубай Шүкүров;
- 66 кг Арлен Эстебесов;
- 72 кг Назарбек Космосбек уулу;
- 78 кг Бактияр Кадырбек уулу;
- 84 кг Мыктыбек Өмүрзак уулу;
- 90 кг Азизхан Мусабек уулу;
- 96 кг Асанкелди Нурказым уулу;
- +96 кг Бактияр Мирлан уулу.
Кыз-келиндер арасында:
- 60 кг Бегай Бейшенаалы кызы;
- 66 кг Аземи Камчыбекова;
- +66 кг Айжан Анарбекова.
Курама команда машыктыруучу Азизбек Айтмурза уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.