Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пункттары модернизацияланат

Президент Загрузка... 22 Август 2025 16:40
NazarNews_93423131812137785447838193711633629633.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 22.08.25. /Кабар/. Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пункттары модернизацияланат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарында Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасаганда билдирди.

Өлкө башчысынын пикиринде, президенттердин жолугушуусунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарын модернизациялоо боюнча жол картасынын аткарылышы каралды.

Бул максатта 2003-жылдагы өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү протоколуна кол коюлду.

"Бул демилгелер ийгиликтүү ишке ашса, соода жүгүртүүлөрүбүз 2030-жылга чейин 3 миллиард АКШ долларына жетет деп ишенебиз.

Ошону менен бирге, транспорт жана коммуникациялар жаатындагы негизги долбоорлор жана аймактагы суу-энергетикалык ресурстарды рационалдуу пайдалануу маселелери боюнча пикир алмаштык", - деди Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, 21-августта Кыргызстанга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев расмий сапар менен келген. Анын алкагында эки тараптуу бир катар жолугушуулар жана иш-чаралар өтүүдө.