Кыргыз-казак чек арасындагы "Камышановка – Ак-Суу" өткөрмө бекетинин ишин жандандыруу пландалууда

Экономика 1150 04 Март 2025 09:00
482085365_948792600762820_5578104858744368608_n.jpg
480964787_948792577429489_1578031173590454004_n.jpg
480965794_948792694096144_2914144051144050366_n.jpg
481266074_948792574096156_6685409066082094921_n.jpg
Алдыга
Артка
482085365_948792600762820_5578104858744368608_n.jpg
480964787_948792577429489_1578031173590454004_n.jpg
480965794_948792694096144_2914144051144050366_n.jpg
481266074_948792574096156_6685409066082094921_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев казакстандык кесиптеши Марат Карабаев менен онлайн кеңешме өткөрдү.

Ведомстводон билдиришкендей, жыйында кыргыз-казак чек арасында жайгашкан өткөрмө бекеттердеги көпүрөлөрдү реконструкциялоо талкууланды.

Мындан тышкары, "Камышановка – Ак-Суу" өткөрмө бекетинин ишин жандандыруу маселеси каралып жатканы кошумчаланды.

Биргелешкен жыйында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар Кыргызстан менен Казакстандын транспорттук инфраструктура жаатындагы кызматташтыгын чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана коңшулук мамилелерди бекемдөөгө чоң салым кошот деп белгиленди.

Онлайн кеңешмеге министрлердин орун басарлары, эки өлкөнүн чек ара кызматынын жетекчилери катышты.