Бишкек, 27.02.25. /Кабар/. Күн мурун экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Ирандын биринчи вице-президентинин орун басары Али Наджафи Хошруди менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар бир катар негизги маселелерди талкуулашты. Анын ичинде:
- Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы эки тараптуу сооданы өнүктүрүүнү, товар жүгүртүүнү көбөйтүү үчүн шарттарды түзүүнү;
- транспорттук-логистикалык кызматташтыкты, анын ичинде инфратүзүмдү жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрүн жана эки өлкөнүн ортосундагы товарларды тез жана ыңгайлуу ташуу үчүн натыйжалуу транспорттук коридорлорду түзүүнү;
- каржылык кызматташтык жана жаңы каржы механизмдерин иштеп чыгууну;
- Кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын ишмердүүлүгүн жана анын ишин оптималдаштыруу аркылуу биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди натыйжалуу ишке ашыруу жолдорун талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашырууну баштоо, соода-экономикалык кызматташтыкты илгерилетүү боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүү жана артыкчылыктуу тармактарда өз ара аракеттенүүнү чыңдоо жөнүндө чечим кабыл алышты.