Кыргызстан менен Ирандын диний чөйрөдөгү кызматташуусу талкууланды

Коом Загрузка... 17 Март 2025 15:29
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ДИМК

Бишкек, 17.03.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Ирандын диний чөйрөдөгү кызматташуусу талкууланды. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн комиссиянын директору Азамат Юсупов Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голамхоссейн Ядегари менен жолугушту.

Анда тараптар тажрыйба алмашуу жана диний экстремизмге каршы туруу боюнча диний чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуу маселелерин карашты.

Голамхоссейн Ядегари өлкөлөр ортосундагы тарыхый-маданий жана соода-экономикалык байланыштарды белгилеп, кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде Азамат Юсупов Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын негизги жоболоруна токтолуп, дин тутуу эркиндиги камсыздандырылгандыгын баса белгиледи. Ошондой эле экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү маселелеринде эл аралык тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн айтты.

Мындан тышкары, туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөөгө багытталган биргелешкен демилгелердин алкагында чет өлкөлүк өнөктөштөр менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн зарыл экендигин кошумчалады.