Кыргыз футбол биримдигине кимдер демөөрчүлүк кылат?

Спорт 25 Май 2026 14:50
706457031_1460140706156315_6587092679913132585_n.jpg
703897070_1460140669489652_5730443087986611745_n.jpg
705169254_1460140526156333_2437429318680446766_n.jpg
706734240_1460140576156328_5226324482699858338_n.jpg
706753044_1460140536156332_3642872418391877416_n.jpg
708122796_1460140642822988_1427303355582396327_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) кеңсесинде жаңы демөөрчүлүк жана өнөктөштүк келишимдерге кол коюлду.

Биримдиктен билдиришкендей, айрым иштеп жаткан келишимдердин мөөнөтү да узартылды.

Бул иш-чара өлкөдөгү футболдун өнүгүшүнө кызыкдар болгон бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн кызматташтыгын бекемдөөдөгү маанилүү кадам болду.

Белгиленгендей, КФБ тарабынан келишимдерге Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Роберт Просинечки кол койду.

Жаңы келишим түзүлгөн расмий өнөктөштөр жана алардын статустары:

  • "Шоро" ЖАК (LEGENDA СМ) — Улуттук курама команданын расмий суусу;
  • "Кыргызстан аэропорттору" ААК — Улуттук курама команданын расмий демөөрчүсү;
  • "Кыргыз темир жолу" МИ — Улуттук курама команданын расмий демөөрчүсү;
  • "НСК" ЖАК — Улуттук курама команданын расмий камсыздандыруу компаниясы.