Бишкек, 13.10.25 /Кабар/. Быйыл Борбор Азиядагы эң ири музейлердин бири, кыргыз элинин баа жеткис байлыгы жана сыймыгы — Улуттук тарых музейи 100 жылдыгын белгилеп жатат. Бул илимий, маданий жана агартуу борборунда байыркы доорлордон XXI кылымга чейинки миңдеген уникалдуу жана кайталангыс тарыхый, маданий экспонаттар сакталууда. Музей өзүнүн терең мазмуну, бай коллекциясы жана кызыктуу тарыхы менен өзгөчөлөнүп турат.

Өлкөнүн кылым карыткан алгачкы музейи
Алгач 1925-жылдын 9-декабрында Кыргыз автономиялуу облусунун Аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбековдун жетекчилиги алдында өткөн президиумдун отурумунда музей түзүү жөнүндө токтом кабыл алынган.
Эки жылдын ичинде Борбордук музей болуп түзүлүп, 1927-жылдын 5-мартында М.Фрунзенин үйүндө биринчи көрүүчүлөрүн кабыл алган. Алгачкы экспозициялар кыргыз элинин тарыхына, маданиятына жана жаратылыш байлыктарына арналган. Музейдин биринчи директору жана негиздөөчүсү белгилүү этнограф С.Абрамзон болгон.
Ал ортодо музейдин ысымы бир нече жолу төмөндөгүдөй болуп өзгөргөн:
1925-1933-жылдарда - Кыргызстандын Борбордук музейи;
1933-1943-жылдарда - Мамлекеттик край таануу музейи;
1943-1954-жылдарда - Улуттук маданият музейи;
1954-жылдан баштап - Мамлекеттик тарых музейи.
1991-жылы В.И.Лениндин Борбордук музейинин филиалына, жаңы имаратка кѳчүрүлгѳн. Ал эми 2018-жылы 5-февралда музейге “Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи” макамы берилген.

Эгемендүүлүктү алган жылдардагы тарых музейи
Эгемендүүлүк алган жылдары мекеме жаңы өнүгүү этабына өтүп, б.з.ч. II миң жылдыктан тартып XXI кылымга чейинки доорлорду камтыган “Кыргызстандын тарыхы байыркы доордон XXI кылымга чейин” аттуу туруктуу экспозициясын түзүүнүн үстүндө болгон.
Андан соң толук капиталдык оңдоодон өтүп, жаңы концепциянын негизинде мазмуну кеңейтилген музей 2022-жылдын 19-ноябрында кайра ачылган. Бүгүн анда 100 миңден ашуун уникалдуу экспонат көрсөтүлүп, байыркы элдердин сакралдык баалуулуктары, көчмөн кыргыздардын этнографиялык коллекциялары жана совет доору менен Эгемендүү Кыргызстандын баалуу экспонаттары көрсөтүлүп келет.
Учурда фонд коллекциялары санариптелип, интерактивдүү экран аркылуу кыргыз, орус, англис тилдеринде дүйнѳнүн 60тан ашык ѳлкѳлѳрүнүн жарандары маалымат алганга мүмкүнчүлүк алышты.

Музейдин учурдагы баа жеткис экспонаттары
Музейдин директору Жылдыз Бакашеванын айтымында, анын бай топтомдорунун арасында байыркы элдердин сакралдык баалуулуктары, көчмөн кыргыздардын этнографиялык коллекциялары, совет доорунун жана Эгемендүү Кыргызстандын баалуу экспонаттары өзгөчө орунду ээлейт.
“Чүй өрөөнүнөн табылган “Шамшы ханышасынын” алтын беткабы, түрк кагандыктары доорундагы ат жабдыктары, таш балбалдар жана Барсбектин эпитафиясы сыяктуу экспонаттар кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн гүлдөп өнүккөн доорун чагылдырат. XIX–XX кылымдардагы колдонмо жана жасалга искусствосунун үлгүлөрү — боз үй, ат жабдыктары, улуттук кийимдер, саймалар жана зер буюмдар — кыргыз элинин өзгөчө баалуу мурасы катары сакталууда. Элибиздин ак калпагы, элечеги, ала кийизи, шырдагы жана тогуз коргоол оюну ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине киргизилген. Музейдеги ар бир экспонат элибиздин тарыхы менен маданиятынын баа жеткис байлыгын чагылдырат”,-деп белгилейт ал.

Бүгүнкү күндөрдө мекемеде жасалып жаткан иштер
Директордун айтымында, бүгүнкү күндө музей жамааты тарабынан 17 эл аралык гранттык долбоор иш алып барууда.
“Бул иштердин аркасы менен көп жылдардан бери чечилбей келген маселелер чечилип, музейдин ишмердүүлүгү толугу менен автоматташтырылууда. Ошондой эле музей бир катар ири эл аралык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууда. Алардын ичинде АКШнын Чикаго университети менен реставрация жана мурастарды сактоо, Корея менен санариптик маданий ресурстар системасын түзүү, Британия музейи менен “Улуу Жибек жолу” китеби, Пекиндин Гугун музейи менен эл аралык көргөзмө, ОБСЕ жана Эрмитаж менен инклюзия багытындагы долбоорлор бар. Ошондой эле 100 жылдыкка карата музейдин уникалдуу экспонаттарынын сүрөт альбому Сеул шаарында жарык көрдү.
Чет өлкөлөрдө өткөрүлгөн эл аралык конференцияларга, форумдарга жана симпозиумдарга катышып жатабыз. Акыркы жылдары музейдин тарыхый жана руханий баалуулуктарды чагылдырган коллекциялары Германия, Япония, Түркия, Франция, Швейцария, Кытай, Венгрия, Монголия, Азербайжан, Россия, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдө көрсөтүлүп, эл аралык маанидеги көргөзмөлөр уюштурулду”,-деди ал.

Ардагер кызматкер музей жөнүндө
Зухра Жаманкулова Улуттук тарых музейинде илимий кызматкер, директордун орун басары болуп 1992-2006-жылдар арасында, атап айтканда советтер союзу кыйрап, доор алмашып жаткан убакта жана эгемендүүлүктү алган жылдары эмгектенген.
“Тарых музейи биринчиден, археологиялык эң байыркы эстелик, экспонаттары менен, экинчиден кымбат баалуу граниттен чеберчилик менен салынган, архитектуралык долбоору менен уникалдуу. Ал Турдукан Усубалиевдин демилгеси менен ошол кездеги союздук республикалардын арасынан биринчилерден болуп Кыргызстанга курулган экен. Курулушка өлкөнүн бардык аймактарынан жаштар чакырылып, алар анын айланасында вагонеткаларда жашап 1-2 жыл дегенде куруп бүтүшүптүр.
Эгемендүүлүктү алган жылдары атайын окумуштуулардан турган топ түзүлүп, жаңы экспозициянын концепциясын жазып чыктык. Себеби, музейдин көп бөлүгү Москвадан даяр боюнча алып келинген Ленинге тиешелүү экспозиция эле.
Андан кийинки жылдарда өлкөдө хаос болуп, музейди жөн гана сактап калуу менен алек болдук. Учурунда аны президенттик сарай кылабыз деп келгендер дагы болду. Жакшы жери митинг, мародерлук учурунда эч ким музейди талкалап кирген жок. Ал эми бул биздин элдин маданиятты терең урматтагынан кабар берет.
Музейге бир жылдын ичинде болгону 20 миң гана киши келген, экспозиция жагынан өзгөрүүлөр болбой, каралбай, мезгилдүү көргөзмө менен гана иштеген учурларыбыз болду. Ал эми андан да кийинки жылдарда, мезгилдин жаңыланышы менен музейде бир катар жакшы өзгөрүүлөр орун алды”,-деди ал.

Музейге кызыгуу артып, көрүүчүлөрдүн саны күн санап көбөйүүдө
Капиталдык ондоп-түзѳѳ иштеринен кийин музейге келген 1 миллиондон ашуун адам кѳргѳзмѳлѳр менен таанышып, 100 миңге чукул кѳрүүчүлѳргѳ кызыктуу экскурсиялар жүргүзүлүп, 30га жакын чет элдик музейлер, мекеме-уюмдар, элчиликтер менен меморандумдар түзүлгөн.
Ошондой эле музейге келген кѳрүүчүлѳрдүн күндѳн күнгѳ саны арбып, күнүгѳ 500дөн 1000ге жакын адамдар кирип, бала бакча тарбиялануучуларынан тартып, окуучулар, студенттер, пенсия курагындагы мекендештер, расмий делегациялар, кѳптѳгѳн чет ѳлкѳлүк жарандар руханий ырахат алып кетишүүдө.
Азыркы тапта өлкө башчысынын жарлыгына ылайык, Улуттук тарых музейинин 100 жылдыгына карата ачык эшиктер айы жарыяланган. Мунун алкагында 1-октябрдан тарта мамлекеттик музейлерге кирүү акысыз болууда.