Кыргыз Экспорт: Кыргызстан БАЭге буурчак, бал, фармтовар, тамеки жана алтын экспорттоодо

Экономика Загрузка... 12 Февраль 2025 13:10
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарына негизги экспорттоочу товарлары буурчак, бал, фармацевтикалык товарлар, тамеки продукциясы жана алтын. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринен Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун тышкы рынокту талдоо бөлүмүнүн эксперти, араб мамлекеттери боюнча куратор Даут Пахридинов билдирди.

Анын айтымында, биздин өлкө БАЭге экспорттук товарларды азырынча көлөм, сан жагынан көп өлчөмдө жөнөтө албайбыз, бирок сапаты жогору, баалуу товарларды жеткирсек конкуренцияга туруштук бере алабыз.

“2024-жылга Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 156 млн долларды түздү. Анын ичинде экспорт 100 млн доллар болсо, импорт 56 млн доллардан ашты. Мисалы, 2024-жылы “Кыргыз экспорт” борбору текстиль боюнча 21 компанияны БАЭге көргөзмөгө алып бардык. Анын негизинде кызматташтардын эң биринчилери өздөрүнүн үлгүлөрүн жөнөтүп, ишкерлер келишим түзүү алдында турушат”, - деди Даут Пахридинов.

Ошондой эле, үстүбүздөгү жылдын 17-21-февраль күндөрү БАЭде өтүүчү масштабдуу Gulfood 2025 көргөзмөсүнө катышуу үчүн Кыргызстандан 10 компанияны бара турганын "Кыргыз Экспорт" борборунун өкүлү кошумчалады. Бул көргөзмөдө биздин ишкерлер үчүн ишкерлигин өнүктүрүүгө, кызматташтарды табууга чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлмөкчү.

Эске салсак, кечээ, 11-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дубайда өтүп жаткан Дүйнөлүк өкмөт саммитинин алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, премьер-министрдин орун басары, президенттик иштер министри Шейх Мансур бин Заид Аль Нахайян менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктын негизги аспектилерин талкуулашкан.