Кыргыз балбандары "Champions Cup 2025" эл аралык мелдешинде 17 медаль жеңди

Спорт

Алдыга
Артка

copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 10.05.25 /Кабар/. Кыргызстандын спорттук күрөш боюнча (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү) жаштар курама командасынын мүчөлөрү (U-20) "Champions Cup 2025" эл аралык мелдешинде 17 медаль (3 алтын, 5 күмүш, 9 коло) жеңишти.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш Түркияда өттү.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Эркин күрөш боюнча:
61 кг Аскат Токтоматов;
57 кг Азим Абдыкалыков;
61 кг Курстанбек Исаков;
65 кг Өскөнбай Абдысаматов;
61 кг Данил Абдыкадыров;
74 кг Илим Жумабеков;
86 кг Элнур Акыбаев;
92 кг Яков Чаплин.

Курама команда улук машыктыруучу Алмазбек Аскаровдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Грек-рим күрөшү:
60 кг Кубаныч Арынов;
67 кг Жантөрө Мырзалиев;
72 кг Кутман Темирбеков;
130 кг Таласбек Бообеков;

Улуттук курам улук машыктыруучу Рыскулбек Эгеевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Кыздар күрөшү боюнча:
57 кг Акылай Сатыбаева;
68 кг Гүлнура Таштанбекова;
65 кг Асел Жапарова;
55 кг Азиза Шумкарова;
59 кг Айдай Нурдинова;
76 кг Айжаркын Жаныбекова.

Улуттук курама команда улук машыктыруучу Билимбек Капарбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.