Кыргыз балбандары Польшадагы эл аралык турнирде 3 коло медаль жеңди

Спорт Загрузка... 31 Июль 2025 14:52
526639375_768331628873390_5985481835949094048_n.jpg
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 31.07.25 /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү “Pytlasinski” эл аралык турниринин биринчи күнүндө 3 коло медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, Владислав Пытлясинскийдин жаркын элесине арналган бул турнир кечээ, 30-июлда Польшанын борбору Варшава шаарында башталган.

Аталган турнирде кыргыз балбандары Асан Жанышов 87 кг, Ырыскелди Максатбек уулу 77 кг жана Ырыскелди Хамзаев 72 кг салмак категориясында күрөшүп, коло медаль багындырды.

.