Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Күн мурун Монголияда Open Ulaanbaatar рейтингдик мелдеши башталды.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдештин биринчи күнүнүн жыйынтыгында Кыргызстандык балбандар 5 медаль жеңишти. Анын бирөө күмүш, төртөө коло медаль.
Күмүш медалдын ээси:
- Азат Салидинов (87кг чейин).
Коло медалдын ээлери:
- Жантөрө Мирзалиев (72кг чейин);
- Аманат Самат уулу (72кг чейин);
- Бекзат Орункул уулу (77кг чейин);
- Имур Темирбеков (82кг чейин).
Белгилей кетсек, мелдештер 7-июнга чейин уланат.