Кырчындын төрүндө көчмөндөр дүйнөсү кайра жаралууда – фото баян

Көчмөндөр оюндары-2026 03 Август 2026 12:10
7K7A8883.JPG.jpeg
7K7A8877.JPG.jpeg
7K7A8882.JPG.jpeg
7K7A8877.JPG.jpeg
7K7A8867.JPG (1).jpeg
7K7A8876.JPG.jpeg
7K7A8864.JPG.jpeg
7K7A8860.JPG.jpeg
7K7A8855.JPG.jpeg
7K7A8853.JPG.jpeg
Алдыга
Артка
7K7A8883.JPG.jpeg
7K7A8877.JPG.jpeg
7K7A8882.JPG.jpeg
7K7A8877.JPG.jpeg
7K7A8867.JPG (1).jpeg
7K7A8876.JPG.jpeg
7K7A8864.JPG.jpeg
7K7A8860.JPG.jpeg
7K7A8855.JPG.jpeg
7K7A8853.JPG.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 03.08.26 /Кабар/. Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги жайларынын бири болгон “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасынын курулушу уланууда. Уюштуруучулардын айтуусунда, иш-чара жана спорттук мелдештердин 70 пайызы дал ушул жайлоодо өтөт.

Этношаарча көчмөн цивилизациясын тааныта турган өзгөчө мейкиндик болот. Бул жерде LED-экрандар сыяктуу заманбап каражаттар колдонулбайт. Тескерисинче, орто кылымдардан бери биздин аймакка таандык болгон архитектуралык үлгүлөрдүн негизинде үйлөр курулууда. Курулушта топурак, чопо жана таш сыяктуу табигый материалдар пайдаланылат.

Анда көчмөн элдердин маданиятын чагылдырган эки этноаймак, жеңил конструкциядагы 21 үй, ошондой эле фудзонада 40ка жакын топурактан курулган үй жайгашат.

Оюндар аяктагандан кийин этношаарчанын объектилери туристтик жана эл аралык маданий иш-чараларды өткөрүүчү жай катары пайдаланылат.

"Кабар" агенттиги этношаарчанын курулушунан сүрөттөр менен бөлүшөт.