Ысык-Көл, 05.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда уюштурулган “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасы 10-сентябрга чейин келүүчүлөрдү кабыл алууну улантат. Бул тууралуу оюндардын медиаштабы билдирди.
Маалыматка ылайык, этношаарчадагы расмий маданий программа 5-сентябрда жыйынтыкталат. Ал эми 6-сентябрда аймакта санитардык күн жарыяланып, келүүчүлөр үчүн жабык болот. Бул күнү санитардык жана техникалык иштер жүргүзүлөт.
“Этношаарча 7-сентябрдан тартып кайрадан ачылып, 10-сентябрга чейин ишин улантат”, - деп айтылат маалыматта.
Ошол эле учурда Кырчын жайлоосуна каттаган акысыз шаттл-автобустар бүгүн ишин улантат. Ал эми 7-сентябрдан тартып акысыз шаттл каттамдары токтотулат. Бул күндөрү этношаарчага барууну каалаган жарандар жеке транспорт каражаттары менен өз алдынча бара алышат.