Ысык-Көл, 06.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жакшы уюштурулуп, жогорку деңгээлде өтүп жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаарынын тургуну Эмилбек Сапаев билдирди.
“Көчмөндөр оюндары башталгандан бери эле мага жагып жатат. Жакшы өтүп жатат, уюштуруучулук жагы да мыкты болду. Элдин маанайы майрамдагыдай. Кырчынга да барып келдик. Келген конокторду жакшы тосуп, жакшы узатып жатышат. Ар кайсы өлкөлөрдөн, облустардан келгендер да жакшы даярданып келишиптир. Жалпысынан алганда, иш-чара жакшы өтүп жатат.
Уюштуруучуларга чоң ыраазычылык билдирем. “Бишкек аренадагы” ачылыш азем да жакшы өттү. Эми жабылышын да көрөлү деп келдик. Мунусу андан да жакшы болот деп ойлойм.
Андан сырткары, мага көк бөрү, ат чабыш оюндары жана көчмөндөрдүн маданияты өзгөчө жакты. Кырчында уюштурулган базар да илгерки заманды, ата-бабаларыбыздын турмушун эске салды. Абдан жакшы болуптур”, — деди ал.