Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. Актер Актан Рыскелдиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын ийгиликтерине жана Кырчын жайлоосундагы маданий иш-чараларга өзгөчө таасирленгенин билдирди.
Анын айтымында, Көчмөндөр оюндары социалдык тармактарда да кеңири талкууланып, кыргызстандыктарга сыймык тартуулады.
“Бардык социалдык тармактар жакшы комментарийлерге толуп жатат. “Кыргыздар, азаматсыңар” деген сөздү эле угуп жатабыз. Кыргыз катары сыймыктанып, сүйүнүп, кубанып жатабыз. Оюндар өтө сонун деңгээлде уюштурулду. Ачылышынан баштап Кырчындын өзү - өзүнчө бир аалам болду.
Эсимде көпкө кала турган нерселер — көк бөрү менен көкпар оюндарынын финалы. Андан биздин жеңишке жеткенибиз. Анан албетте, Кырчындагы майрам. Андагы кыргыз элинин жыргап жүргөнү. Ушинтип эле жыргап жүрө берели. Ар бир облустун өкүлдөрүнүн бийлеп жатканын көрүп, чындыгында сүйүнүп, кубанып жаттым. Ошондуктан бизге мындай майрамдар керек”, — деди Актан Рыскелдиев.