Бишкек, 02.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы маданий жана спорттук иш-чаралар өтүп жаткан Кырчын жайлоосунда коомдук коопсуздукту милиция жана аскер кызматкерлери камсыздоодо.
Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, тоолуу аймактарда коомдук тартипти атчан милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатат. Кырчынга келген жарандардын саны көп болгондуктан, милициянын автобустары да эл ташууга тартылды.
"Жарандарды кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын аткарууга, коомдук тартипти жана жол кыймылынын эрежелерин сактоого чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.
"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.