Ысык-Көл, 30.08.26. /Кабар/. Саналуу сааттардан кийин Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары старт алат.
Буга байланыштуу Кырчын бүгүн кыргыз элинин көчмөн маданиятын, салт-санаасын жана тарыхын чагылдырган өзгөчө этномаданий мейкиндикке айланып, дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген конокторду тосууга даярданып жатат.
Жайлоодо маданий программалардын негизги бөлүгү өтөт. Ал эми “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасында соода жайлары, тамак-аш зоналары жайгашат.