Кылмыш иши, жол куруу, реформалар - транспорт министри менен маек

Интервью Загрузка... 08 Март 2025 16:50
WhatsApp_Image_2025_Pl6lGqz.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев “Кабар” агенттигине маек куруп, ведомствонун ишмердүүлүгү боюнча актуалдуу суроолорго жооп берди.

Кечээ Башкы прокуратура Транспорт жана коммунициялар министрлигинде товардык-материалдык жетишсиздиктер аныкталып, кылмыш иши козголгонун маалымдады. Бул коомчулукта кызуу талкууга жем таштады. Бул иш боюнча маалыматыңыз барбы?

Албетте, кабарым бар. Аталган кылмыш иши мен кызматка киришкенге чейинки фактылардын негизинде козголгондуктан учурда тергөө иштери улантылып, министрлик окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн укук коргоо органдары менен активдүү кызматташууда. Буга байланыштуу тергөөнүн акыркы жыйынтыгын күтүү максатка ылайыктуу деп эсептейм.

Жогорку Кеңеште Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишин текшерүү үчүн комиссия түзүлмөй болду. Транспорт министрлигиндеги кошумча түзүмдөрдүн ишин текшерип чыгууга негиз барбы?

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги – бул мамлекеттик орган, жана ал өз ишмердүүлүгүн ачык жүргүзөт. Башка ведомстволордун катарында эле текшерүү иштери тийиштүү мекемелер тарабынан бизде дагы байма-бай жүргүзүлүп келет. Ал эми министрликтин жана ага караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн түзүлө турган депутаттык комиссияга көз карашыбыз түз жана жашыра турган эч нерсе жок экенин белгилейм. Ошондой эле министрлик тарабынан жүзөгө ашып жаткан ири жана кичи долбоорлор, каржы маселелери, түзүмдүк бөлүмдөр кандай жумуш алып барып жатканы тууралуу маалыматтар ЖМКлар, ведомствонун расмий сайты жана социалдык тармактагы баракчалар аркылуу коомчулукка ачык-айкын жеткирилип турат.

Учурда Лебединовкадан ГЭС-5ке чейинки жолду кеңейтүүнүн алкагында бак-дарактар масштабдуу кыйылып жатканын көрүп жатабыз. Реконструкциялоо иштеринде кандай курулуштар каралган?

Жол кыймылынын интенсивдүүлүгүнүн жогорулашына жана жолдо аң-чөнөктөрдүн көбөйүшүнө байланыштуу Бишкек шаарынан Түндүк айланма жолуна баруучу Лебединовка-ГЭС-5 унаа жолун реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Жолдун жалпы узундугу 5,1 км түзөт. Аталган жолду реконструкциялоо "Жол коопсуздугу" техникалык талаптарына ылайык жүргүзүлүп, бардык чаралар эске алынып долбоорлоштурулган. III категориядагы 2 тилкелүү жолдун техникалык абалын жакшыртуу максатында 4 тилкелүү II категориядагы жол куруу каралган. Реконструкциялоонун жүрүшүндө 2 көпүрө курулат. Алардын бири - учурдагы чоң көпүрөнү кеңейтүү, ал эми экинчиси - жөө жүргүнчүлөр үчүн өтүүчү көпүрө. Мындан тышкары, негизги жолго катар Биримдик-Кут конушуна кирүүчү дагы эки тилкелүү кошумча жолду куруу пландалууда. Учурда жол жээгиндеги бактарды кыюу иштери башталды. Кыйылган дарактардын ордуна 20% га кɵп дарактар отургузулат. Долбоор белгиленген убакыт аралыгында, 18 айдын ичинде толугу менен колдонууга берилиши керек.

Социалдык тармактарда Бөкөнбаев—Барскоон жолун жасаган жолчулар 3 айдан бери айлыктарын ала албай жатканын айтып кайрылуу жасашты. Эмгек акыга байланыштуу нааразычылыктар биринчи жолу чыгып жаткан жок. Айлыктар эмне себептен кармалат? Ким тарабынан төлөнөт? Ушул суроого кененирээк токтолсоңуз...

Массалык маалымат каражаттарына жарыяланган маалымат боюнча кабарым бар. Буга байланыштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасына ыкчам түрдө комиссия түзүүнү тапшырдым. Маселени жеринен чечүү жана аныктоо иштери жүрүп жатат. Жыйынтыгында кошумча маалымат берилет. Айтып кетчү жагдай, министрликтин алдындагы Жол тейлөө ишканалардын бардыгы өзүн-өзү каржылоо системасынын негизинде иш алып баргандыктан анда иштеген кызматкерлерге айлык акылар аткарган жумушунун көлөмүнө жараша төлөнөт. Деген менен министрликтин коллегиясында тиешелүү жетекчилерге маяна өз мөөнөтүнөн кечиктирилбей берилсин деген талап койгом.

Кызматка келгениңизге жарым жылга чукулдап калды. Тармактагы көйгөйлөрдү ичинен билип бүттүңүзбү. Министрликте чоң реформалар болот деп күтсөк болобу?

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишин жакшыртуу максатында тиешелүү иштер жүрүп жатат. Бир эле мисал, буга чейин техникалар чар-жайыт колдонулуп келген болсо, жол куруу техникаларын этият колдонуу жана көзөмөлдөө максатында GPS спутниктик навигация тутумун орнотуу пландалууда. Учурда келишим түзүлүп, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул кадам техникалардын кайсы аймакта иштеп жатканын аралыктан көрүп, текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Алдыда ушул сыяктуу иштер уланат.

Маектешкен Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директорунун орун басары Халида Эргешева