Бишкек, 12.09.25 /Кабар/. лэПрезидент Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Алай районунун Гүлчө айылында XIX кылымдагы көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Алымбек датканын урматына арналган майрамдык иш-чарага катышты.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Ардактуу мекендештер!
Урматтуу алайлык агайын-туугандар!
Кадырлуу меймандар!
Кыргыз элинин көөнө тарыхында эгемендик үчүн, эркиндик үчүн кара башын канжыгага байлап, өмүрүн арнап күрөшкөн нечендеген эр-азаматтар, эл башчылар өткөн. Алардын сап башында көкүрөгүбүзгө кыттай уюп, каныбызга сиңген Айкөл Манас атабыз, андан берки Кыргыз кагандыгын түптөп, түндүгүн көтөргөн кашкөй бабалар, анын ичинде Барсбек каган, берегиде Адигине бий, Мухаммед Кыргыз, Кубат бий, Эр Солтоной, Атаке бий, Ормон хан сыяктуу мүлдө кыргыз элинин биримдиги үчүн, кыргыз дөөлөтү үчүн күйүп-жанган журт аталарынын ысымдары көктөгү Чолпон жылдыздай болуп бизге жарыгын чачып, дем берип келет.
Бүгүн биз мына ушундай атагы азыркы заманга дайын, даңкы дагы далай кылымдарды карыта турган, журт түптөп, эл баккан, кыргыз элинин элдүүлүгү, эгемендиги үчүн күрөшкөн тарыхый инсан, чыгаан саясий жана мамлекеттик ишмер – Алымбек датка атабыздын 225 жылдык мааракесин сыймыктануу менен белгилеп олтурабыз.
Мен атпай кыргыз журтчулугун бүгүнкү Алымбек датка Асан бий уулунун мааракелик тою менен чын дилимден куттуктаймын!
Урматтуу кыргызстандыктар!
Мыкты уюштуруучу, алысты көрө билген көсөм жана кеменгер Алымбек датка менен анын мында олтурган түздөн-түз урпактары гана эмес, жамы кыргыз журтчулугу баарыбыз сыймыктанабыз.
Жөн гана сыймыктанып тим болбостон, датка атабыздын өмүр таржымалын, мамлекеттик ишмер катары кыргыз тарыхындагы ээлеген ордун, мамлекеттүүлүктү түптөөдөгү ат көтөргүс эмгегин даңазалоо, келечек муунга жеткирүү жалпыбыздын милдетибиз деп билебиз.
Мындай сыймыктуу миссияны ишке ашыруу максатында республикабызда илимий конференциялар, маданий жыйындар жана башка бир топ иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бүгүн болсо ушул иш-чаралардын кульминациялык бөлүгүн – Алымбек датканын 225 жылдык мааракесин датка атабыз мекендеген, далай тарыхый окуялардын чордону болгон айтылуу Алай өрөөнүндө чоң салтанат менен белгилеп жатабыз.
ХIХ кылымда Алымбек датка Кокон хандыгынын саясий аренасында активдүү ролду гана ойнобостон, эл агасы, журт туткасы катары да көрүнгөн.
Алымбек датка – Кокон хандыгынын саясий турмушуна 35 жылдай аралашып, Нүзүп бий, Алымкул аталык жана башка кыргыз төбөлдөрү сындуу эле ханга тете бийликти өз колуна топтой алган ишмерлердин бири болгон.
Ал Кокон ордосундагы эң жогорку кызматтардын бирине — вазирликке көтөрүлүп, бир нече жыл бою хандыктын ички-тышкы саясатын жүргүзгөн.
32 жаш курагында өткүрлүгү, бийик адамгерчилик касиеттери, датка атыктырган адилеттиги, эл бийлөөгө шык-жөндөмү менен таанылган Алымбек датка Анжиян вилайетинин беги кызматына дайындалып, Алай, Ош, Ак-Талаа, Жумгал, Тогуз-Торо, Куртка жана Анжиян аймактарын башкарууну толук колуна алган экен.
Алымбек датка өзгөчө көрөгөчтүгү менен айырмаланып, 1840-жылдардын башында вилайеттин борборун Анжияндан Ошко көчүргөн. Көбүңүздөр жакшы билесиздер, Ош шаарында мурун Алай мейманканасы турган жерге Ак Ордо тургузган. Ошентип, ордолуу Ош шаары Алымбек датканын акылмандыгы менен ири саясий борборго айланган. Дал ошол Ош шаарында Алымбек датка, андан кийин зайыбы Курманжан датка алыс-жакындан келген конокторду, карапайым калкты кабыл алып, мамлекеттик жана чөлкөмдүк маанилүү маселелерди талкуулап, тарыхый чечимдерди чыгарып турушкан.
Ой-санаасында өз калкынын кызыкчылыгы менен жашаган датка атабыз шилтеген ар бир кадамы менен кыргыз элинин аброюн көтөрүүгө бел байлаган.
Датканын кыраакы чечими менен Ош шаарын көрккө бөлөгөн Ак-Буура дарыясына эки көпүрө курулган. Шаарды жашылдандыруу, чарбасын өнүктүрүү максатында дайранын суусун 9 тарапка буруп, Төлөйкөн, Жоош, Жапалак, Баргы, Увам, Сабай, Анжиян, Коңурат, Кыдырша арык деп аталган 9 каналды салдырган. Алымбек Датка 200 жүз жыл мурда салдырып, көчөнүн эки тарабын тең жашылдандырган көчөлөр бүгүн Алымбек датка, Курманжан датка, Исхак Раззаков көчөлөрү деп аталып калды!
Алымбек датка жалаң гана саясий ишмердик менен алектенбестен, илим-билимге да терең маани берген. Буга, албетте, анын "Ак медресеси" далил. Датка атабыз архитекторлорду Самарканд менен Кашкардан алдырып, медресе курдурган. Алардын келип-кетүүсү, эмгек акысы жана үй-бүлөлөрүнүн каржы муктаждыктарына чейин өзү каржылаган. Ал тургузган эки кабат медреседе мударискана, дарскана, намазкана жана жатак жайлар болгон. Медреседе иштегендерди да, окугандарды да тамак-аш, кийим кече менен камсыз кылып турган.
Мына ушундай иштер Алымбек датканын көсөмдүгүн, мекенчилдигин жана келечек муунга болгон камкордугун айгинелеп турат. Арадан эки жүз жыл өткөндөн кийин Алымбек датка атабыз баштап кеткен Ош шаарын гүлдөтүү иштери бүгүн да кызуу жүрүп жатканына күбөсүздөр. Датка атабыз баштаган мындай улуу миссияны андан ары улантуу биздин тагдырыбызга туш келгенин сыймыктануу менен баса белгилеп айта кетсек болот.
Урматтуу мекендештер!
Кыргыз элинин, айрыкча Фергана кыргыздарынын ролун, ошол маалдагы ар тараптан кысып келаткан империялардын мүдөө-максаттарын жакшы түшүнгөн Алымбек датканын басып өткөн жолун терең изилдөөнүн жана жаңы маалыматтар менен толуктоонун зарылчылыгы бар. Маселен, Алымбек датканын саясий көз карашынын жана мүдөөлөрүнүн эволюциясы, башкача айтканда, анын бара-бара Кокон хандыгындагы бийликке ээ болуу мүдөөсүнөн баш тартып, өз алдынча Кыргыз мамлекетин түзүү мүдөөсүнө өсүп жеткендиги дагы даана чагылдырылышы керек. Датка атабыздын жана анын замандаштарынын жеке эле кыргыз элинин эгемендиги эмес, ошол кездеги жалпы Түркстан элдеринин ынтымагын сактоого кошкон салымын аныктоо сындуу башка жагдайларды тактап иликтөө зарыл.
Биз, урпактары, доор алмашып, кыл чайнашкан опурталдуу мезгилде Алымбек даткадай акылман аталардын олуттуу аракети менен кыргыздардын элдүүлүгүнүн пайдубалы андан ары бекемделип, түндүгү бийик көтөрүлгөнүн эч качан унутпашыбыз керек!
Урматтуу мекендештер!
Байыртадан эле Улуу Жибек жолу өтүп, кыргыз журтунун бир нече улуу инсандары ушул жерде тарбияланган. Алайдын кооз жаратылышы, бийик тоолору, мөңгүлөрү, суулары, кен байлыктары ондогон кылымдардан бери кыргыз элинин сыймыгы жана байлыгы болуп келген.
Бүгүнкү күндө Алай районунда ишке ашырылып жаткан ири долбоорлор акыркы жылдары өлкөбүздө аймактарды өнүктүрүү саясатынын ар тараптуу ишке ашып жатканынан кабар берет.
Бул аймакта маданият жаатында да өзгөрүүлөр болуп, райондук маданият үйү, Курманжан датканын музейи, Алымбек датка паркы жаңыланып, элге кызмат кылууда. Туризм багытында боз үйлөр шаарчасы, мейманканалар курулуп, Чыйырчык ашуусунда конок жайлардын ишке берилгени жүздөгөн жумуш орундарынын пайда болушун шарттады.
Ал эми өнөр жай тармагында көмүр казуу, гидроэлектр станциялардын курулушу жүрүп, өндүрүш көлөмү жылдан жылга көбөйүүдө. Өлкөбүздө жолдорду оңдоо иштери да активдүү жүрүп, миңдеген чакырым жолго асфальттар төшөлүүдө. Ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы “Эркечтам” жол долбоору толук бүткөрүлүп, заманбап көпүрө курулду.
Ушул салтанаттуу мүнөттөрдө дагы бир жагымдуу жаңылык менен бөлүшкүм келип турат: Гүлчө айылына шаар статусун берүү маселесин кароону тиешелүү мамлекеттик мекемелерге тапшырдым. Андан сырткары, өлкөбүздүн Турукташтыруу фондунан Гүлчөнүн инфратүзүмүн өнүктүрүүгө, көчөлөрүн толук асфальттап бүтүрүүгө 500 миллион сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алдым.
Мунун баары — мамлекетибиздин ар бир аймагын, анын ичинде Алай районун да өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан саясаттын жемиши.
Урматтуу агайын-туугандар!
Алымбек датка атабыздын өмүр жолу баарыбыз үчүн чоң өрнөк! Эгемен Кыргызстандын ар бир жараны, айрыкча, элге кызмат кылууга бел байлаган мамлекеттик кызматкерлер Алымбек датканын ар тараптуу ишмердүүлүгүн үлгү тутушубуз абзел!
Датка атабыздын ата-бабалар калтырган мамлекеттүүлүк идеясын туу тутуп, алысты көрө билген көсөмдүгүн, эли-жеринин биримдиги менен бүтүндүгү үчүн кара башын сайып койгон мекенчилдигин, “кара кылды как жарган” калыстыгын, кыйын кезеңдерде тайманбаган баатырдыгын, камкордугун, кайрымдуулугун жана адилеттигин бүгүнкү кыргыз жарандарынын аң-сезимине кыргыз наркын улай турган улуу сабак катары сиңирүү – биздин башкы милдетибиз!
Жаштарыбызда мына ушундай улуу сапаттар калыптанып, Алымбек датка сыяктуу ата-бабаларыбыздан калган уңгулуу жолго түшкөндө гана мамлекетибиздин пайдубалы бекем, келечеги кең болот!
Ошондуктан, Алымбек датканын 225 жылдык мааракеси жалпы кыргыз эли үчүн ары тарыхый, ары сыймыктуу окуя болуп каларына терең ишенем.
Датка атабыздын 225 жылдык мааракесин белгилөө – бул өткөн тарыхты жөн гана эскерип тим болуу эмес, ата-бабалардын жолун улап, улуу элдин урпагы катары келечекке ишенимдүү, бекем кадам таштоо болуп саналат!
Алымбек датка атабыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
Элибизден ынтымак, жерибизден береке, кут кетпесин!
Жаңы Кыргызстанды куруу жолундагы сапарыбыз байсалдуу болсун!
Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!”.