Бишкек, 21.05.25. /Кабар/. Кыймылсыз мүлктү кайра каттоо кызматы эми “Түндүк” тиркемесинде жеткиликтүү болду. Бул тууралуу “Түндүк” мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Талант Аманов билдирди.
Анын айтымында, эми жарандар кыймылсыз мүлкүн Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин мекемесине келбестен эле, үйдөн каттата алышат.
“Онлайн кызматты “Түндүк” мамлекеттик мекемеси жана “Кызмат” мамлекетик мекемеси биргеликте иштеп чыккан. Жарандар келип кезекке туруп, убакыттарын кетирип отурбастан тиркеме аркылуу мүлкүн каттата алышат. Кызматтын баасы 1 миң 750 сомду түзөт”,-деди ал.