Курулуштун башында батир сатууга болгон тыюу бааны көтөрбөйт – Орунтаев

Коом
Курулуштун башында батир сатууга болгон тыюу бааны көтөрбөйт – Орунтаев
copyright icon KABAR Кабар

Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Курулуштун пайдубалы түптөлө элек учурда батирлерди сатууга тыюу салынгандан кийин турак жайдын баасы көтөрүлбөйт. Бул тууралуу бүгүн журналисттер менен жолугушууда курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди.

Ал турак жайдын кымбаттап кетүү коркунучу тууралуу суроолорго жооп берип жатып, киргизилип жаткан талаптар жөнгө салуу мүнөзүндө экенин жана курулуш иштерине кошумча кымбат технологияларды киргизүүнү талап кылбай турганын белгиледи.

“Менин оюмча, баа кескин көтөрүлбөйт. Анткени курулушка жумшалган каражат кийин даяр батирди сатып алуучулардан түшкөн акчанын эсебинен кайтарылат. Муну да эске алуу керек. Киргизилип жаткан чаралар курулуш тармагын жөнгө салууга багытталган жана жарандарга кошумча чыгым алып келбеши керек”, — деди Орунтаев.

Министрдин айтымында, жаңы талаптардын негизги максаты — батир сатып алуучулардын укугун коргоо жана ишенимсиз курулуш компанияларынан келип чыккан тобокелдиктерди жоюу.

“Айрым ишенимсиз компаниялар бетон куюу иштери баштала электе эле, жер казуу баскычында батирлерди сата башташат. Муну менен жарандарды тобокелге салышат. Азыр калктын басымдуу бөлүгү турак жай сатып алууда документтерди жана курулуштун абалын текшерүүгө үйрөндү. Баа кескин көтөрүлбөйт. Тескерисинче, биз курулуш компаниялары алгач өз каражатына үй куруп, андан кийин гана киреше табышын көздөп жатабыз”, — деди министр.