Бишкек, 11.02.25. /Кабар/. Курулушту мындан да күчөтүү үчүн агенттик Курулуш, архитектура, жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги болуп түзүлдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине аталган министрликтин башчысынын милдеттерин аткаруучу Нурдан Орунтаев билдирди.
Анын айтымында, министрликтин иши архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба жана курулуш өнөр жайы тармагындагы башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатын көздөйт.
“Министрлик мурдагыдай эле курулуш секторун толук карайт. Албетте, буга чейин эле агенттик тарабынан жасалып келген ишти улантат, мындан ары дагы күчөтөт десек болот”, - деди ал.
Орунтаев белгилегендей, ошондой эле президент Садыр Жапаров тарабынан министрликке дагы бир функция кошулду. Ал өнөр жай объектилерин курууда көзөмөл жүргүзүү.
“Бүгүнкү күндө өлкөбүздө өнөр жай тармагы өнүгүүдө. Ошол себептен министрликтин алдына бул тармакты кайрадан калыбына келтирүү жана курулуштарын толук камсыздоо, материалдык жана юридикалык маселелерин чечип берүү милдети коюлду”, - деди Нурлан Орунтаев.
Белгилей кетсек, бүгүн президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, министрлер кабинетинин түзүмүнө айрым өзгөртүүлөр киргизилди. Атап айтсак, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин базасында Курулуш, архитектура, жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги түзүлдү.