Курулуш министрлигинин коллегиясында бир катар тапшырмалар берилди

Министрлер кабинети 05 Август 2025 18:37
6891f49e2539d.jpeg
6891f49a510c5.jpeg
6891f47ae0723.jpeg
6891f4a4605e7.jpeg
6891f4a463f8e.jpeg
Алдыга
Артка
6891f49e2539d.jpeg
6891f49a510c5.jpeg
6891f47ae0723.jpeg
6891f4a4605e7.jpeg
6891f4a463f8e.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 05.08.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министрлигинин коллегиясы өткөрүлдү. 

Отурумдун жүрүшүндө негизинен 2021-2025-жылдар аралыгындагы өлкөнүн курулуш тармагындагы жетишкендиктери, ошону менен катар көйгөйлүү маселелери жана алардын чечүүнүн жолдору каралып, талкууга алынды.

Белгилүү болгондой, 2021-2025-жылдары курулуш тармагына 170 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Бул каражаттын эсебинен 5 жыл ичинде 967 социалдык объект ийгиликтүү бүткөрүлдү. Евразия экономикалык Комиссиясынын маалыматы боюнча, 2024-жылы Кыргызстандын курулуш тармагында 31,1% өсүш катталган. 

Жогоруда белгиленген жетишкендиктер президент Садыр Жапаровдун курулуш тармагына өзгөчө көңүл буруп, чоң ишеним көрсөткөндүгүндө жана курулуш тармагынын кызматкерлеринин талыкпас эмгегинин үзүрү деген минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча, курулуш тармагынын үлүшү ички дүң продукцияда 8-8,3%га жетип, өлкөнүн жалпы экономикалык түзүмүндө төртүнчү орунду ээлеп турганын кошумчалады.

“Бирок азыркы учурда маселе министрликке караштуу түзүмдөрдө, аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилеринде болуп жатат. Сиздер министрлик болгондон кийин, министрлик статусуна ылайык иш алып барышыңар керек. Бул – жаңы структура, жаңы көз караш, жаңы иш ыкмасы дегенди түшүндүрөт. Ошол эле учурда айтылган ийгиликтерге карабастан, чечилбей келген айрым системалуу маселелер бар деди”, - деди Бакыт Төрөбаев. 

Курулуш министрлигинин ишмердүүлүгүн мындан ары дагы жакшыртуу максатында төмөндөгүдөй бир катар маселелер каралып, анын жыйынтыгында тиешелүү тапшырмалар берилди: 

- курулушка уруксаат берүүчү документтерди берүүнүн мөөнөттөрү жана бюрократиядан арылтуу маселеси; 

- курулуш тармагындагы көзөмөл маселеси, 

- турак жай-коммуналдык чарба тармагынын инфраструктурасын жаңылоо;

- курулуш тармагындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу; 

- курулуш ишмердүүлүгүндөгү ченемдик-техникалык документтерди кайра карап чыгуу;

- мамлекеттик жана муниципалдык объекттерди курууда сметалык наркынын эсептелиши.