Бишкек, 16.09.26. /Кабар/. 21-сентябрдан тартып Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын бир катар кошумча кызматтарына арыздар жеке кабинет аркылуу онлайн форматта гана кабыл алынат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, электрондук форматта көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеси мындан ары да кеңеет.
Кызматтарды электрондук форматка өткөрүү Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын ачык-айкындуулугун жогорулатуу, коррупцияга каршы аракеттенүү, ошондой эле жарандар жана бизнес үчүн кызматтарды жеткиликтүү кылуу боюнча жүргүзүп жаткан иштеринин бир бөлүгү болуп саналат.
Жеке кабинетти каттоодон өткөрүп, жеткиликтүү кызматтардын тизмеси менен cabinet.bga.gov.kg порталынан таанышууга болот.