Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Август айында 80 объектиге техникалык корутунду берилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, техникалык корутунду Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан жүргүзүлдү.
Анда текшерүүлөр ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфратүзүмдүк объектилерди камтыды.
- социалдык объектилер — 33;
- административдик имараттар — 8;
- турак жай имараттары — 23;
- турак эмес жайлар — 12 жана башка объектилер.
Белгиленгендей, техникалык корутундулар курулуш объектилеринин жер титирөөгө туруктуулугун баалоодо, долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жана техникалык стандарттарга шайкештигин аныктоодо маанилүү роль ойнойт.