Курулуш министрлиги 2026-жылы санариптештирүүгө өзгөчө басым жасайт

Санарип Кыргызстан Загрузка... 10 Декабрь 2025 17:55
WhatsApp Image 2025-12-10 at 16.57.51.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.12.25 /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги 2026-жылы ишмердүүлүктү толук санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурат. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев бүгүн “Кабар” маалымат агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, учурда министрликтин бир катар кызматтары санариптештирилген. Бирок, азырынча бирдиктүү система толук киргизиле элек. 2026-жылы бул багытта ири кадамдар жасалат.

“Биздин максат - бардык процессти ачык, ыкчам жана ыңгайлуу кылуу. Санариптештирүү коррупциялык элементтерди жоюуга, көзөмөлдү күчөтүүгө жана жарандар үчүн кызматтарды жеткиликтүү кылууга жардам берет.

Мындан тышкары, министрлик аймактардагы өзүнүн имараттарынын абалын жакшыртуу иштерин да жүргүзүүдө. Учурда өлкө боюнча 16 имараттын курулушу жүрүп жатат. Бул имараттар заманбап талаптарга жооп берет. Кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, жумуштун сапаты дагы жогорулайт”,- деп белгиледи Орунтаев.