Бишкекте калктын жыл сайын өсүшү турак жайга болгон суроо-талапты кескин күчөттү. Баш калаага агылган элдин дээрлик көбүнүн негизги максаты - өзүн турак жай менен камсыз кылуу. Айрымдары бул үчүн миграцияга чейин кетип, жылдап акча топтоп үй курууда. Кээ бирөө жер тилкесин алып, өз күчү менен там салууну туура көрөт. Башкалары батир алууну көздөп, ири курулуш компанияларына ишеним артат. Бирок, суроо-талап күчөгөн сайын тобокелчиликтер да көбөйдү. Соңку жылдары курулуш фирмаларына алданып, акчасы күйүп кеткендердин окуясы да сейрек эмес. Мындан улам эмне себептен жарандар батир алууда алданып калышат, негизи буга көзөмөл барбы деген суроолор жаралбай койбойт.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Лицензиялоо жана сертификациялоо башкармалыгынын башкы адиси Маматзия Жолдошовдун айтымында, аталган тармакта курулуш иштерин аткарууга жана долбоорлоо иштерине карата уруксат берүүчү лицензия үч деңгээлге бөлүнөт.
- 3-деңгээл - жаңы фирмалар, жеке ишкер же жеке ишкерликке - 5 кабатка чейин курууга;
- 2-деңгээл - 5 кабаттан 12 кабатка чейин курууга;
- 1-деңгээл - ири компанияларга берилүүчү көп кабаттуу жана ири объектилерге берилет.
“Лицензия өзү мөөнөтсүз деп эсептелинет. Учурда курулуш менен долбоорлоо иштерине жалпысынан 6 289 лицензия берилген. Ал эми курулуш компаниялардын саны – алардын талаптарды аткарбай, кара тизмеге киргенине байланыштуу өзгөрүп турат.

Бизде 2023-жылдын 14-декабрында министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" № 678 жобо бар. Өлкөдөгү лицензиялар аталган жобонун негизинде берилип турат. Ошол эле учурда курулуш тармагынын өзүнүн талаптары болот. Мисалы, № 678 жобонун 219-пунктунда көрсөтүлгөн лицензиялык талаптардын аткарылбагандыгы тастыкталган учурда аны 90 күндүк мөөнөткө токтотууга туура келет. Лицензиясы жок курулуш иштерин жүргүзгөн компанияларга карата министрликтин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан айып пул салынат жана иштери токтотулат. Ошондой эле белгиленген тартипте доо арызы менен сот органдарына кайрылат. Кара тизмедеги компаниялардын тизмесин Курулуш министрлигинин расмий сайтында "Берилген лицензиялардын реестри" бөлүмүнөн көрсө болот”,-деп билдирди ал.

Кыргызстанда акыркы жылдары батир алуу максатында үлүшчү болуп курулуш компанияларына алданган кыргызстандыктар арбын. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев брифинг учурунда муниципалитет курулуш компаниялардын ишмердүүлүгүнө жоопкерчилик ала албай тургандыгын билдирип, жарандарды батир сатып алардан мурун компаниялардын лицензияларын кылдаттык менен карап чыгууга чакырган.

Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук контролдоо департаментинин директору Эрназар Сүйөркулов билдиргендей, алдамчылык кылган компаниялар билинери менен тийиштүү чаралар көрүлөт.
“Алдамчылыкка шектелген компанияларды дароо укук коргоо органдарына өткөрүп беребиз. Техникалык коопсуздугу бузулган, талаптар аткарылбаган, курулуштун сапаты начарларына дагы тийиштүү чаралар көрүлөт.
Алдамчылык кылган компаниялар деле кадимкидей лицензияны алып иштешет. Алардын айрымдары бул ишти атайылап жасаса, кээ бирлери үлүшчүлөрдөн чогултуп алган акчаны башка максатта колдонуп жиберишет. Мисалы, курулушту баштап туруп башка бир жерден жер же кыймылсыз мүлк алып жибериши ыктымал. Себептери ар кандай.

Жарандар өзүнүн укуктарын жакшы билип, келишим түзүп жаткан компаниянын уруксат кагаздарын, ишмердүүлүгүн, жөндөмдүүлүгүн дыкаттык менен текшерип чыгуусу зарыл.
Биз учурда көзөмөлдү күчөтүп, социалдык тармактардан текшерип, аларды алдын ала бөгөттөөгө аракет жасап жатабыз. Алар берген жарнамаларды текшерип, өзүбүздүн баракчалар аркылуу шектүү компаниялар жөнүндө эскертүү берип жатабыз.
Ар бир курулуш объектисинин паспорту болот. Ага учурда паспорттун жанына курулуш жөнүндө маалыматтар киргизилген сканерленүүчү QR кодду коюу талабы киргизилген. Телефондон ачып карап, маалыматтарды алууга болот”,-деди ал.