Курултайда үй-бүлөсүн таштаган эркектерге мамкызматка тыюу салуу демилгеленди

Элдик курултай Загрузка... 26 Декабрь 2025 12:00

Бишкек, 26.12.25. /Кабар/. Элдик курултайда бишкектик делегат Жолдошбек Турдубаев учурда аялдарга болгон зомбулук көбөйгөнүн айтты.

Ал ажырашкан эркектерге мамлекеттик кызматтарга ишке орношууга жана депутат болууга тыюу салууну сунуштады.

“Аялдарга болгон зомбулук абдан күчөдү. Аялын, бала-чакасын таштап ажырашкан эркектердин мамлекеттик жумуштарга Жогорку Кеңештин депутаттыгына, айылдык жана шаардык кеңештерге барууга тыюу салыш керек”, - деди ал.