Бишкек, 26.12.25. /Кабар/. Кечээтен бери Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында IV Элдик курултай өтүүдө. Бүгүн иш-чаранын экинчи күнү башталды.
Курултайга 700гө жакын делегат катышууда. Аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүү максатында дарыгерлер нөөмөттө турат.
“Кайрылгандар көп болуп жатат. Көбүнчө кан басымы жогору болгон жашы улгайып калгандар, кант диабети барлар келип жатат. Алар баш оору, толкундануу сезимдери болуп жатканын айтышууда. Өтө оор абалда кайрылгандар жок”, - деди дарыгер.