Курск дугасынан Кой-Ташка чейин: ардагер Виталий Макаровду эскерүү

Коом Загрузка... 09 Май 2026 12:00
WhatsApp Image 2026-05-06 at 11.32.22.jpeg

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Виталий Макаров “Бизди даңктоо маанилүү эмес, эртең бизден кийин эмне калары маанилүү” деген ойду өзгөчө көп кайталачу. Үй-бүлөсүнүн айтымында, анын бүткүл өмүрүнүн маңызы дал ушул сөздөрдө камтылгандай.

Согуш менен үзүлгөн балалык

Небереси Виталий Панковдун эскерүүлөрүнөн:

“Менин чоң атам Виталий Александрович Макаров 1924-жылы 16-октябрда Москванын түндүк-чыгышындагы Баковка айылында туулуп, балалыгы революциядан кийинки убакытта өткөн. Революцияга чейин анын үй-бүлөсү кандайдыр бир деңгээлде аскер өнөрчүлүгү менен байланышта болгон.

Согуш башталганга чейин ал башка иштерге аралашууга үлгүргөн эмес. Анткени, мектепти ошол жылдын 22-июнь күнү эле аяктаган. Согуш башталган күнү аларда мектепти бүтүрүү кечеси болуп жаткан. Ал муну көп эскерчү, мектепти бүтүргөндөн кийин ишемби күнү кечке сейилдеп, келечекке максат койгону да эсинде. Бул балалык менен коштошуунун адаттагыдай жеңил, шаңдуу жана үмүткө толгон көз ирмемдери эле. Ал эми тарыхта белгилүү болгондой, так ошол күнү эртең менен согуш башталган. Согушка чейин ал жөнөкөй эле мектеп окуучусу болсо, ошол замат мурунку жашоо токтоп калгандай болгон.

upload-TASS_1203164-pic905-895x505-95415.width-800

Ал фронтко өтө эрте келген, белгилүү болгондой, согуш Москванын босогосуна 1941-жылдын күзүндө келсе, андан 3-4 ай өткөндөн кийин келген. Ал жерде көпкө күтүүгө убакыт жок эле. Айылы так эле фронт сызыгында болбосо да “согушка барамбы же жокпу” деген суроо болгон эмес. Жаш курагына карабай, баардыгы аттанып, колунан келишинче согушушкан. Чоң атам фронтко 17 жашында кеткен.

Чоң атамдын бир туугандары, эки, үч бир туугандын балдары болгон туугандары абдан көп болчу. Эгер жаңылбасам жалпысынан бир тукумдан 36 адам фронтко кеткен: менин чоң чоң атам, анын бир туугандары жана алардын балдары”, — деп эскерет небереси.

Айтылбаган согуш

Панковдун айтымында, чоң атасы согуш жөнүндө сүйлөгөндү жактырчу эмес. Айта турган эч нерсе жоктугунан эмес, тескерисинче сөздөрдүн артында өтө көп нерсе катылган. Ал согушту дээрлик баштан аяк басып өтүп, бир нече ири салгылашууларга катышса да эскерүүлөр өзү менен гана калган.

Панков мектепте окуп жүргөн кезде чоң атасы бир гана жолу согуш тууралуу эскерүүсү менен бөлүшкөн. Алар чоң атасынын достору менен Бишкектин түштүгүндөгү Панковдун балалыгы өткөн үйдө отурушкан. Бул үйлөр аскер адамдары үчүн курулуп, ал жерде кошуналардын көбү согуштук кырдаалды жакшы билген адамдар болгон.

“Эсимде, жаз айы, 9-майга жакын убакыт болчу. Чоң атам Курск дугасында танкка каршы куралдар взводун башкарганын айтып берди. Алар немис танктарын жана алардын артында келе жаткан жөө аскерлерди жок кылышкан. Взвод Сибирден келген 36 жоокерден куралган экен. Ошол салгылашуудан кийин болгону төртөө эле аман калыптыр. Ал жерде эмне болгонун сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес”, - дейт Панков.

Фронттогу жаракаттар

Виталий Макаров бир нече жолу жаракат алган. Биринчиси — Москва алдында анча оор эмес жаракат алып госпиталда дарылануу менен кайрадан фронтко кайткан. Согуштун аягында дагы жарадар болгон.

Бирок, эң оор жаракатты Курск дугасындагы салгылашта алып, бутунан айрылып кала жаздаган. Ошол учурда денесинин көбү күйүп, жаракат алганы маалым.

Сыйлыктары жөнүндө

WhatsApp Image 2026-05-06 at 11.32.23

Көптөгөн согуштук эрдиктерине карабастан, Виталий Макаров башынан өткөргөндөрүн мактанып айтканды же жетишкендиктерин өзгөчө белгилегенди жактырган эмес.

Ошентсе да анын кайраттуулугу жана каармандыгы жогору бааланып Кызыл Жылдыз ордени, Ата Мекендик согуш ордени, “Эрдиги үчүн”, “Согуштагы каармандыгы үчүн” медалдары жана башка көптөгөн аскердик сыйлыктар менен сыйланган. Ал үчүн бул сыйлыктар басып өткөн өмүр жолунун бир бөлүгү болгон.

WhatsApp Image 2026-05-06 at 11.32.23 (1)

Согуштан кийинки кызмат жана жашоо

Согуштан кийин анын аскердик кызматы уланган. Ал Потсдамда комендант болуп бир аз убакыт ошол жерде кызмат кылган. Кызы 1948-жылы Германияда төрөлгөн. Үй-бүлө Советтер Союзуна 1956-жылы кайтып келген.

1950-жылдардын аягында азыркы Украинанын аймагына атайын аскердик иш сапарга жөнөтүлүп, кийин Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош шаарында кызмат кылган. Ал эми пенсияга чыгаар алдында Бишкектин жанындагы Кой-Таш айылына которулган. Небересинин айтымында, ал жерде аны полк жетекчиси катары ушул күнгө чейин эскеришет.

123_Gj35ptN.width-800

Үй-бүлөсүнүн эсинде калган элеси

Небересинин эскерүүсү боюнча Виталий Макаров орто бойлуу, абдан күчтүү жана чыдамкай адам болгон. Өмүрүнүн акырында оорусу күчөгөнгө чейин дайыма дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап жүргөн. Ал көпкө чейин аскердик даярдыктан сабак берген. Пенсияга чыккандан кийин Политехникалык институттун аскердик кафедрасында саптык жана ок атуу боюнча окутуучу болуп иштеген. Кийинчерээк Лебединовкадагы №1 мектепте аскердик жетекчи болуп бир нече жыл эмгектенген.

Жашоодо өтө тыкан, так жана ар бир ишке жоопкерчилик менен мамиле кылган адам эле. Чоң үй-бүлөдө кадыр-барктуу болуп, анын сөзү, чечими талашсыз аткарылган. Ал дайыма ашыкча кеби жок токтоо, ишенимдүү, кээде тамаша-чын аралаштырып сүйлөп койчу.

Небересинин айтымында, “бүгүн сага жаккан нерсе эмес, эртең артыңда кала турган нерсе баалуу” деген жөнөкөй принцип менен жашаган. Эгер тандоо керек болсо, ал ар дайым кийинки муундарга кала турганын тандачу. Ал үчүн үй куруу - коомдук ийгиликтен бийик, балдарды тарбиялоо - жеке карьерадан жогору турган.