Кургак учуктан дарылануудан баш тарткан адамдарды обочолонтуу тартиби бекитилди

Министрлер кабинети 18 август 2025 18:44
Кургак учуктан дарылануудан баш тарткан адамдарды обочолонтуу тартиби бекитилди

Бишкек, 18.08.25 /Кабар/. Министрлер кабинети Кургак учуктан дарылануудан баш тарткан адамдарды обочолонтуу тартибин токтом менен бекитти.

Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Бул токтом калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгын камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын аймагында кургак учуктун жайылышын алдын алуу, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” КР мыйзамынын 117-беренесин ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Токтом Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында ишке ашырылат.