Бишкек, 27.08.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-августта "Кумтөр Голд Компани" ишканасында алтынды жер астынан казып алуу долбоорун баштап берди.
Мамлекет башчысы Кумтөр мамлекетке кайтарылган күнү дароо жер астынан алтын казуу долбоорун баштагыла деген тапшырманы койгонун белгиледи.
"Ошентип, ата мекендик адистерибиздин күчү жана өзүбүздүн аракетибиз менен Кумтөрдө жер астынан алгачкы рудалар казыла баштады.
Бүгүнкү күндө жер астын көздөй 1600 метрдей жер көзөлүп, туннель жасалып, Кумтөр курамы тоннасына 5 граммдан жогору болгон баалуу рудаларды алганы турат.
Жер астынан алтын казуу долбоорунун иштөө мөөнөтү 17 жылга ыйлайыкталып, 147 тонна алтындын геологиялык запасы мамлекеттин балансына коюлду. Баарынан дагы жер астынан алтын казуу долбоору бош тоо тектердин ченемсиз казылышына бөгөт коёт.
Ачык карьердик ыкма менен казып алууда 1 тонна баалуу руданы алыш үчүн 60 тоннага чейин бош тоо текти казууга туура келет. Бул дүйнөлүк ченем менен алганда абдан көп", - деп ырастады мамлекет башчысы.