Кумтөр кенинде иштеп ийгиликке жеткен геолог Жылдыз Эшалиева - маек

Маек Загрузка... 07 Март 2025 16:06
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жылдыз Эшалиеванын өздүк архивинен

Тоо-кен тармагында иштөө – бул оор жана кооптуу жумуштардын бири. Ал көбүнчө эркектердин кесиби катары кабыл алынат. Бирок, бул тармакта ийгиликтүү эмгектенип, өзүнүн кесипкөйлүгү, тажрыйбасы менен айырмаланган айымдар дагы бар.

8-март Айымдардын эл аралык күнүн утурлай, тоо-таштын арасында сүйүктүү кесибин, бул жашоодогу ордун жана ошону менен бирге өмүрлүк жарын тапкан Кумтөрдүн каарман айымы менен тааныштырабыз. Ал Кумтөр кенинин геологу Жылдыз Эшалиева.

Кумтөр кенинде 21 жылдан бери геолог болуп иштеп келе жаткан Жылдыз Эшалиева кесибин сүйгөн, мекени үчүн күйгөн асылзат айымдардын бири. Ал Талас облусунун Калба айылында туулган. Эки уул, эки кыздын мээримдүү энеси.

- Жылдыз айым, геолог кесибин эмнеден улам тандап калгансыз. Адатта бул кесип көбүнчө мырзаларга ылайыктуу эмеспи?

- Негизи мен үчүн геология илими, жерде катылган сырлар көп кызыктырчу. Мектепти аяктап, кандай кесипти тандасам деген маселеде анча көп ойлонгон жокмун. Анын үстүнө бир тууган эжем ошол жылы Тоо-кен металлургиялык институтту аяктап жаткан. Ал дагы “кел, менин жанымда бол, геолог кесибин тандасаң өкүнбөйсүң, өзүң кызыккан тармак”- деп калды. Ошентип, өзүмдүн каалоом күчтүү болуп, эжекем дагы себепчи болуп, геолог кесибин тандагам.

- Кумтөргө кантип ишке орношуп калдыңыз?

- Институтта окуп жүргөндө өндүрүштүк практикага жөнөтө башташты. “Байкап көрөйүнчү” деп Кумтөргө анкета тапшырып койгом. Тийиштүү сынактардан өтүп, 3 ай Кумтөр кен жайында практика өтүп келдим. Кийин 5-курсту аяктаганда, ал жактын иштөө шартын, мындайча айтканда “ашканасын” түшүнүп калгандыктан, кайрадан анкета толтуруп, сынакка катышып, кызматка орноштум. Ошентип, 2004-жылдын январь айынан бери Кумтөр менин жашоомдун бир бөлүгү болуп калды. Кумтөр мени кесипкөйлүккө, чыдамкайлыкка жана эң башкысы коопсуздук эрежелерин так сактоого, ар бир ишке жогорку жоопкерчилик менен кароого үйрөттү. Мындай оор өндүрүштө бекем тартип абдан маанилүү.

- Аткарган кызматыңыздын өзгөчөлүгү эмнеде?

- Негизги жумуш ордум карьерде, анан кеңседе өтөт. Алтындын жайгашуусу боюнча геологиялык картасын, схемасын чиебиз. Жумушчу тилкелердин геологиялык өзгөчөлүктөрүн, мүнөздөмөлөрүн баалайбыз. Рудалардын, тоо тектердин курамын, канчалык терең жайгашканын аныктайбыз. Компьютер менен картага түшүрөбүз. Айтоор жумушум өзүмө абдан жагат.

- Кумтөрдө 2 жумалык вахталык тартипте иштейсиз да. Үй-бүлөлүк жашоого мунун таасири кандай?

- Албетте, мындай шарт аялдар үчүн оңой эмес. Өмүрлүк жолдошум өзүмдүн кесиптешим болгондуктан, мага бул маселе анчейин билинген жок. Жолдошум Эшалиев Байсалбек менен дал ушул Кумтөргө жаңы келгенде таанышып, баш кошконбуз. 21 жылдан бери бактылуу өмүр сүрүп, жумушта дагы, күндөлүк турмушта дагы бири-бирибизге колдоо көрсөтүп келебиз. Ал Геологиялык чалгындоо бөлүмүндө иштечү. Азыр Бишкекте башка иштер менен алек.

- Геологияга, дегеле тоо-кен тармагында карьера жасоону каалаган кыздарга кандай кеңеш берет элеңиз?

- Алдыга койгон максаттарга умтулуудан эч качан коркпоо керек. Эгер сиз геология илимине кызыксаңыз, абдан кылдат окуп, терең билим алыңыз. Ар кандай стажировкаларга, сынактарга катышып, өзүңүздү сынап туруңуз. Акыркы жылдары Кыргызстандын тоо-кен тармагы жанданып, жаңы ишканалар ачылып жатат. Демек, бул тармактын келечеги кең, анан албетте айлык акысы дагы жакшы. Эң негизгиси, өзүңүзгө ишенсеңиз ийгилик сиз тарапта болот.