Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев саясий кеңешмелерди өткөрүү үчүн Бишкек шаарына келген делегациянын башчысы - Бангладештин тышкы иштер министринин орун басары Асад Алам Сиамды кабыл алды.
КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Жээнбек Кулубаев Кыргызстан менен Бангладештин ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээлин белгилеп, практикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Министр кызматташтыктын негизги багыттарына, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, маданий-гуманитардык алакаларды активдештирүүгө жана эки мамлекеттин ортосундагы келишимдик-укуктук базаны чыңдоого өзгөчө көңүл бурду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу байланыштарды мындан ары чыңдоого жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер боюнча активдүү диалогду улантууга өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.