Экономист Кубат Рахимов "Кабар" агенттигине берген маегинде президент Садыр Жапаров бекиткен өлкөнүн стратегиялык өнүгүү программасына баа берди. Эксперт таамай белгиленген артыкчылыктар менен стратегиялык пландоого өтүү мамлекеттин экономикалык негиздерин бекемдөөгө багытталганына көңүл бурду. Ошо эле учурда документте дымактуу максаттар коюлган.
— Кыргызстандын президенти 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүү улуттук программасын бекитти. Биз мамлекетти өнүктүрүүгө багытталып, олуттуу пландарды камтыган бул документтин кабыл алынышы канчалык маанилүү деген суроону биринчилерден болуп берип жаткан эместирбиз. Ошентсе да сурообузга жооп берсеңиз?
— Ооба, биз болжолдой билишибиз керек, биз эң аз дегенде өлкө алдында турган максаттарды жана милдеттерди түшүнүү үчүн негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрүбүздү пландаштырышыбыз керек. Анткени, Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү - бул абстракция эмес. Бизде учурга чейин өзү постсоветтик мезгил уланууда. СССР тарагандан бери мына азыр башка муун келди. Азыркы аткарминерлердин көбү Советтер союзун жакшы элестете албагандар. Акыркы 30 жылды камтыган жаңыча жашоо үчүнчү дүйнө мамлекети абалына түшүп калбоо үчүн макроэкономикалык болжолдоо менен алектенүү зарыл жана маанилүү экенин көрсөтүп турат. Чындыгында биз ички саясий туруксуздукка карабастан, негизги жетишкендиктерибизди көп баалабайбыз. Биз жөн эле бир орунда кармалып турбастан, калктын реалдуу кирешелери боюнча өз позициябызды жакшырта алдык. Балким, биз кээ бир нерселерди ички туюм менен жасап, аракетибизден улам кээ бир тренддерди кармап калгандырбыз. Бирок, жалпысынан алганда өлкөнүн калкы СССР тарагандан бери дээрлик эки эсеге өстү деп айткым келет. Түшүнүктүү, 90-жылдар абдан оор болду. Ошондой эле 2000-жылдардын башында да баары жакшы болгон жок. Бирок, акыркы 15 жылда элдин жашоо деңгээлинин туруктуу жогорулоо тенденциясын байкап жатабыз. Биз өлкөнүн ИДПсы көптөгөн макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча өсүп жатканын көрүүдөбүз демек, бизде баары жаман эмес. Албетте, биз 2021-жылдан бери күчтүү экономикалык өсүш темптин көрүп жатабыз. Мунун баары, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн оң таасирин тийгизет. Экинчи жагынан, мындай экстенсивдүү өсүштүн чеги бар экендигин түшүнүшүбүз керек. Ошондуктан, биз үчүн мындай стратегиялык программа керек.
— Өнүгүү программасында министрлер кабинети карманган бир катар маанилүү макроэкономикалык параметрлер камтылат. Ошону менен бирге белгиленген бардык чаралар башкы максатка — калктын жыргалчылыгын жогорулатууга багытталууга тийиш.
— Карапайым адамга, калктын реалдуу кирешесинин деңгээлине көңүл буруу туура. Мен үчүн бул келечекке көз салууга мүмкүндүк берүүчү чекит, эң маанилүү критерий. Мен тышкы карызды ИДПнын 60% көлөмүнөн өзүн-өзү чектөөдө да өтө этият мамиле кылат элем.
Мен азыр биз байкап жаткан темптер инфраструктураны курууда, ири энергетикалык долбоорлордо, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушунда жана башка улуттук маанидеги ири долбоорлордо олуттуу перспективаларды ачат деп эсептейм.
Тышкы карыз боюнча ИДПнын 60% чеги бизди кармап калышы мүмкүн. Мындан өтө коркуунун кереги жок. Биз Кыргызстанды электр энергиясын экспорттоо боюнча лидерлердин бири болот жана энергиянын профицити бар өлкө болот деген план койгонбуз. Биз азык-түлүк коопсуздугу жагынан бир топ амбициялуу милдеттерди чечүүнү пландаштырып жатабыз. Демек, жакынкы бир нече жылда биз дагы тышкы рынокторду да өздөштүрүшүбүз керек болот. Башкача айтканда, биз азыр тышкы карызды күчөтө алабыз.
Ошондой эле бул ИДПнын өсүүсүнө да тиешелүү. Бизде экономикалык өнүгүүнүн өсүү темпи жетиштүү, бирок 5% же 4% болушу мүмкүн. Бул дагы абдан жакшы көрсөткүчтөр. Же 12%га жетиши мүмкүн. Ошондуктан мен баарын 8%дын тегерегинде болот дебейт элем. Мен дагы бир жолу кайталайм, биз азыр өлкөнүн экономикасында өтө олуттуу жана глобалдык өзгөрүүлөрдүн босогосунда турабыз. Албетте, бул маанилүү көрсөткүчтөр, траектория туура тандалган. Эгерде кандайдыр бир четтөөлөр пайда болсо, мындан коркуунун кереги жок. Эң негизгиси өлкө туура жолдо баратат жана жакынкы жыйынтыктарга жетишип, биз алдыбызга жаңы максаттарды коебуз.